Акыркы макалалар

Ысык-Көл облусунда калкка өзгөчө кырдаалдардан сактануу боюнча окуулар өттү

 Ысык-Көл облусунда калкка өзгөчө кырдаалдардан сактануу боюнча окуулар өттү

КРнын ӨКМнүн Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун “Турмуш-тиричилик коопсуздук негиздери” кафедрасынын ага окутуучулары жана Ысык-Көл облусунун башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте, Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу, Ырдык, Липенка, Жети-Өгүз айыл аймактарында жашаган калкка табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан сактануу ыкмалары боюнча окуу уюштурушуп жана практика жүзүндө көрсөтүшкөн.Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул окутуу, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2014-жылдын 17-июлундагы № 632 “Жеринде барып окутууну уюштуруу жөнүндө” буйругунун негизинде, “Турмуш-тиричилик коопсуздук негиздери” кафедрасы тарабынан уюштурулган.

Окуу убагында потенциалдуу кооптуу аймактардагы жана жашаган калкка өзгөчө кырдаалдар убагында өзүн кандай алып жүрүү боюнча кеңири маалыматтарды берүү менен сабактар өтүлдү.

Ошондой эле сабак учурунда өзгөчө кырдаалдардын коркунучу боюнча эскертүү бере турган жана ӨК убагында өзүн алып жүрүү эрежелери боюнча видеотасмалар көрсөтүлдү.

Окуу процессинин аягында жарандарга, айыл өкмөттөрүнүн адистерине жана айыл башчыларына өзгөчө кырдаалдардан кантип сактануу боюнча буклеттер жана плакаттар, окуу материалдары катары таркатылды.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...