Акыркы макалалар

Бишкекте 2015-2017-жылга карата республикалык бюджет долбоору боюнча коомдук угуу болот

Кыргызстандын каржы министрлиги 2014-жылы 6-августта “2015-жылга карата республикалык бюджет жана 2017-жылга божомолдор жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угуу өткөрөт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Угууга КРнын премьер-министри Жоомарт Оторбаев, каржы министри Ольга Лаврова, министрлик жана ведомстволордун жетекчилери жана өкүлдөрү, көз карандысыз серепчилер, жарандык коомдун өкүлдөрү жана ЖМКлар катышат.

Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган иш-чараны өткөрүүнүн негизги максаты мамлекеттик каржыны башкаруу тутумун түзүүнүн алкагында келечектүү багыттардын бири катары бюджеттик процесстин айкындуулугун камсыздоо болуп саналат.

Коомдук бюджеттик угумду өткөрүү жана сунушталган бюджетти бирдиктүү талкуулоо коомдун бюджеттик процесске катышуусунун натыйжалуулугун жогорулатууга жол ачат, ошондой эле документтердин сапатын жакшыртууну жана бюджеттик каражаттардын натыйжалуулугун көтөрүүнү жана оптимизациялоону шарттайт.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...