Акыркы макалалар

Нарындан өспүрүмдөр арасындагы КРнын чемпионатына 16 бала барат

Нарындан өспүрүмдөр арасындагы КРнын чемпионатына 16 бала барат

Бүгүн, 5-август күнү, “Келечек кубогу” деп аталган өспүрүмдөр арасындагы КРнын футбол боюнча чемпионатына Нарын облусунан бара турган команданын курамын жергиликтүү бийлик кабыл алды. Иш-чарага КРнын футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов катышты.

Жолугушууда өкүлдүн өздүк корунан жаш футболчуларга 20 миң сом тапшырылып, ийгиликтер кааланды. Ошондой эле КРнын футбол федерациясынын президенти С.Султанов 40 футболка, 40 топ, машыгуу учурунда кие турган 20 майка тапшырды.

Анын айтуусунда, мындай кадамдар футболду өнүктүрүү максатында жазалып жатат. Мындан сырткары ал футбол аянтчаларынын абалына канаттанбаганын белгилеп, келерки жылы чакан футбол аянттарын курууга пландар бар экенин кошумчалады.

Өспүрүмдөр арасындагы бул чемпионат 2000-жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Чемпионат Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында 12-13-август күнү өтөт. Чемпионатка Нарындан бара турган команданын курамын 2002-2003-жылы туулган 11-12-жаштагы балдар түзөт. Учурда алар “Ала-Тоо” стадионунда даярдыктан өтүп жатышат.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...