Акыркы макалалар

Эдита Пьеха сахнадан кетти

Эдита Пьеха сахнадан кетти

Орусиянын легендарлуу ырчысы Эдита Пьеха саламаттыгына байланыштуу сахна менен коштошуп жаткандыгын жарыялады. Атактуу ырчы 77-туулган күнүн адаттагыдай сахнада белгиледи. Аншлаг менен өткөн концертте алгачкы ырдан кийин эле, гүл көтөргөн ышкыбоздору кезекке турганын Дни.ру булагы кабарлоодо. Концертте Петербург облусунун жетекчилиги Ооган согушунун аякташынын 25-жылдыгына карата медалын тапшырып, облус губернатору жана Орусиянын маданият министрлигинин куттуктоолорун окуду. Эдита Пьеха быйылкы жылы эле ден соолугу начарлап, эки жолу ооруканага жатып чыккан. Май айында Северодвинск шаарында концерт учурунда ден соолугу начарлап, дарыгерлерди чакыртууга аргысыз болгон. Жакында эле "Славянский базар" фестивалында ырчы бутун оорутуп, аксап сахнага чыкканы байкалган. Анын үстүндө ырчынын кан басымы улам көтөрүлүп тураары айтылууда.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...