Акыркы макалалар

Ысык-Көл облусунда өрүк терүү иштери кызуу жүрүп жатат

Ысык-Көл облусунда өрүк терүү иштери кызуу жүрүп жатат

Ысык-Көл облусунда өрүк терүү жумуштары кызуу жүрүп жатат.

Ирдык айылындагы фермерлердин бири Рахим Юсуповдун айтымында, бул жылы түшүмдүүлүк жакшы болду. «Өткөн жылы жемиш мынчалык болгон эмес, себеби өрүктөр гүлдөп жаткан учурда үшүк жүргөн. А быйыл болсо түшүмдүүлүк абдан жакшы болду», - дейт фермер.

Рахимдин бакчасында өрүктүн 50гө жакын түбү бар, алардын бары быйыл түшүм беришти. Алардын бир килосун быйыл 20 сомдон 40 сомго чейин өткөргөн.

Ал күн сайын 500 кг.га чейин жыйнайт. Ал эми 3 күндө 2 миң тоннага жакын өрүк чогулткан. «Биз аны 8-9 миң сомго жакын акчага өткөрдүк. Мындан тышкары, өзүбүз үчүн варение жана сок жабууга пайдаландык. Ошондой эле, кошуна жана туугандарыбыз дагы терип кетишти», - деди ал.

Түп нускага шилтеме : turmush.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...