Акыркы макалалар

Бүгүн Бишкектин бир катар конуштары менен кичи райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн, 7-августта Бишкек шаарынын кээ аймактарына электр жарыгы берилбейт, деп малымдайт «Түндүк электр» ААКтын басма сөз кызматы.

Саат 9:00дөн 17:00гө чейин Түлөбердиев, М.Ганди көчөлөрүндө, Пензенский кичи көчөсүндө жана «Ак- Босого» конушунда «акылдуу» эсептегичтерди орнотуу иштерине байланыштуу электр жарыгы өчүрүлөт.

Ошондой эле, көрсөтүлгөн убакытта Жал кичи районундагы №9 Б, 4 Б, 12, 26 көп кабаттуу үйлөрдө, Панфилов, Горький, Чехов көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, «Кара-Жыгач» конушунда, «Аламүдүн-1» кичи районунда электр берүү чубалгылары менен трансформаторлордо оңдоо иштери жүргүзүлүп, электр жарыгы өчүрүлөт.

Түп нускага шилтеме : barakelde.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...