Акыркы макалалар

Баткен облусунда 1 тонна көмүрдүн баасы 1700 сомдон 7200 сомго чейин болууда

Көмүргө болгон баанын мезгилдүү жогорулоосунун алдын алуу максатында Баткен облустук администрациясы тарабынан 7 көмүр сатуучу жайлар ачылып, анда баа жергиликтүү администрация, салык органдары жана көмүр өндүрүүчүлөрдүн өздөрү тарабынан каттуу көзөмөлгө алынган. Бул тууралуу облустук администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Учурда облуста 1 тонна көмүрдүн баасы сортуна жана сапатына карап 1700 сомдон 7200 сомго чейин болууда.

Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунун жашоочулары Сүлүктү шаарындагы жана Баткен районунун Самаркандек кениндеги шахталарда өндүрүлгөн көмүр менен камсыз болушууда.

Кадамжай району менен Кызыл-Кыя шаарынын аймагына Ош облусунун Ноокат, Алай райондорундагы кендерден өндүрүлгөн көмүрлөр да жеткирилип, 1 тоннасы 1500-5000 сомдон сатылууда.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...