Акыркы макалалар

Оторбаев: "Жерүй" кенин иштетүүгө карата сынак жарыялоого тоскоолдук жаралбайт

8- августь күнү Талас облусуна болгон иш сапары учурунда өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев "Жерүй" боюнча эл аралык арбитраждык сотто соттук териштирүүлөр жүрүп жаткандыгын, бирок ал кенди иштетүүгө карата сынак жарыялоого тоскоолдук келтирбей тургандыгын билдирди.

"Кыргызстан үчүн "Жерүй" келечектүү кендердин бири болуп эсептелет. Мында мыкты климаттык жана географиялык шарттар бар, мунун бардыгы алтындын өздүк наркына таасирин тийгизет. Мамгеология учурда келерки сынакка документтерди даярдоо менен алектенип жатат. Ошондой эле тендердик комиссия түзүү пландаштырылууда, андан соң биз аны иштетүүгө сынак жарыялайбыз",– деди Оторбаев.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...