Акыркы макалалар

Кызыл-Кыя шаарында чет өлкөдөн алынып келинген өсүмдүктөрдү өстүрүү пландалууда

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында айыл-чарба адистеринин жана бир катар мекеме, ишканалардын катышуусунда атайын жемиштердин түркүмдөрүн көбөйтүү темасынын алкагында семинар болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, анда чет өлкөлөрдөн алынып келинген өсүмдүктөрдү биздин шартта өстүрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Ошондой эле, Кызыл-Кыя шаарындагы мамлекеттик сорт сыноо бөлүмүнүн сыноо иретинде өстүргөн жер-жемиштери атайын адистердин сынына коюлду.

Маалым болгондой, аталган бөлүмгө таандык 42,4 гектар айдоо аянты бар. Быйыл 3 га жакын жерге чет өлкөлөрдөн алынып келинген жашылча-жемиштердин бир катар түрлөрү айдалды. Учурда бул мекемеде Европа жана Азия өлкөлөрүнүн жашылча-жемиштеринин 10дон ашык түрлөрү өстүрүлүүдө.

Эксперименттин жыйынтыгында жергиликтүү дыйкандарга бул жашылчалардын түрлөрүн өстүүрүү сунушталды.

Адистердин айтымында жашылчалардын дээрлик баардык түрлөрү биздин климатта өстүрүүгө ыңгайлуу.

Түп нускага шилтеме : turmush.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...