Акыркы макалалар

Ошто акыл-эси кем 15 жаранга айдоочулук күбөлүктөр берилгени аныкталды

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмү Мамлекеттик каттоо кызматынын транспорт каражатарын жана айдоочулук күбөлүктөрдү каттоо департаментинин кызматкерлеринин мыйзамсыз айдоочулук күбөлүктөрдү берген коррупциялык түзмөгүн аныкташкан. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жооптуу кызмат адамдар менчик айдоочулукка окуутучу мектептер менен бирдикте транспорттук каражаттарды башкарууга медициналык каршы көрсөтмөсү бар, медициналык мекемелерде акыл-эс жактан артта калуу боюнча ар кандай диагноздору менен диспансердик каттоодо турган Ош облусунун Өзгөн районунун 15 жашоочусуна айдоочулук күбөлүк даярдап беришкендиги тастыкталган.

Аталган факты боюнча 12-августа УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши ачылган.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...