Акыркы макалалар

Кыргызстанда бензиндин баасы кайрадан көтөрүлдү

Кыргызстанда бензиндин баасы кайрадан көтөрүлдү. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, кеңири колдонулган Аи-92 маркасындагы бензин дагы 70 тыйынга жогорулаган.

Бирок айрым май куючу жайларда, айрыкча Чүй облусунун аймагында бул маркадагы бензин дем алыш күндөрү 1 сомдон да жогору көтөрүлүп, 44 сом 40 тыйындан сатылган.

КРнын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Медетбек Керимкулов мурда билдиргендей, август айында күйүүчү майдын социалдык маанилүү түрү – Аи-80 жана дизел.майына карата баалар мурдагыдай бойдон калууда. Анын айтуусунда, күйүүчү майдын калган түрлөрүнө баалар үчтөн жети пайызга чейин акырындап көтөрүлөт.

«Андан соң, күзүндө баанын турукташуусун күтөбүз. Ал эми кээ бир эксперттер ал тургай 2014-жылдын сентябрь-октябрь айларында күйүүчү майларга талаптын азайгандыгына байланыштуу баанын төмөндөшүн божомолдошууда»,- деген болчу М.Керимкулов.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...