Акыркы макалалар

"Жаңы Багыт": Чемпиондор Таластан жаралат

"Жаңы Багыт": Чемпиондор Таластан жаралат

Таластык балбандардын көбү тарбия алган бул мектептин таржымалы кызык. Редакция спорт мектебинин директору Таалайбек Сүйүналиевге бир нече суроо менен кайрылган.

-Таалайбек Бийсадаевич, алгач мектептин тарыхы жөнүндө айтып кетсеңиз?

-Биздин Талас шаардык күрөш боюнча өспүрүм балдардын спорттук мектеби 1964-жылы негизделген. Мектепти биринчиледен болуп Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген машыктыруучусу Сабит Мурзахмедов агай негиздеп, ал эми пайдубалынын түптөлүшүнө жана бекемделишине Назарбек Сулайманов, Тууганбай Конушбаев агайлар зор салымдарын кошушкан. 1989-жылга чейин күрөш жана бокс мектеби аталып келсе, 1990-жылдан бери күрөш спорт мектеби болуп аталып келет, тагыраак айтканда, бир эле спорттун түрү менен машыгууларды өткөрөт.

- “Баатырдын атын алыстан ук жанына келсен бир киши” дегендей, мектебинер жупуну көрүнгөнү менен окуучуларынардын атын дүйнө тааныса, машыктыруучуларынар Республикага таанымал экен жараткан ийгиликтер жөнүндө айтып берсеңиз?

-Айтканыңызда калет жок, орустун белгилүү педагогу В.Пирогов «Ар бир мектеп окуучуларынын саны менен эмес, сапаты менен сыймыктанат» деп айткан. Биздин мектепте машыккан окуучулардын санына сан жетпейт, бирок, сапаты жагына келсек, эч уялбай туруп атын атай турган окуучуларыбыз арбын. Сөзүбүз кургак болбосун үчүн жакшы ийгиликтерди жараткан окуучуларыбыздын атын атап кетсем спорттун күйөрмандарына дегеле жалпы окурмандарга кызык болот болуш керек деп ойлойм.

Грек-рим күрөш бөлүмү:

Сабит Мурзахмедов-Кыргыз Республикасынын чемпиону 1960ж.

Хаким Махмудов- Кыргыз Республикасынын чемпиону 1966ж.

Кулубаев Бообек –СССР элдеринин спартакиадасы VII-орун

Бегалиев Канат- 2008-жылкы олимпиада оюндарынында 2-орун, 2007-Дүйнө чемпионатында 2-орун, 2006-Азиянын чемпиону.

Темирбеков Улан-2009-жылы Белбоо күрөшү боюнча Дүйнөнүн чемпиону.

Эркинбаев Азат- 2005-ж Азия чемпионаты 3-орун. 2012-жылы Белбоо күрөшү боюнча

Дүйнөнүн чемпиону.

КойчукуловАтай- 2004-2006 жылдары өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионты 2-орун

2012-жылы Азия чемпионаты 3-орун

Бейшалиев Азис-2004-жылы өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионты 2-орун,

2006-жылы өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпионты 3-орун,

Омурзаков Фархад-2007-жылы өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионты 3-орун

Тейишев Рустам- 2011-жылы өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионаты 1-орун, 2012-жылы өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионаты 2-орун, 2012-жылы өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпионаты 2-орун,

Чоноралиев Самат-2012-жылы өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионаты 3-орун.

Максатов Мирхат-2012-жылы жаштар арасындагы Азия чемпионаты 2-орун.

Чынаев Дамир- КРнын 6 жолку чемпиону, 2011-ж.Дүйнө чемпионаты 5-орун

Эркин күрөштөн:

Кутманалиев Эшим - Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону

Дөңбаев Жеңиш- Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону

Шамил Бархозов- Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону

Изабеков Чынарбек-1989-жылы өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпионты 2-орун,

Изабеков Нурбек-1990-жылы СССРдин чемпиону, 2006-жылы Азиянын чемпиону

Азырболов Айбек-1992-жылы СНГнын чемпиону

Тууганбай уулу Уларбек-1997-ж. жаштар арасындагы дүйнө чемпионаты2-орун,

Кенешбек уулу Асланбек-1996-ж. өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионаты2-орун

Надырбек уулу Улан-2001-ж. жаштар арасындагы дүйнө чемпиону

Ташматов Айбек 1998-ж. өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионаты 2-орун

Кубандыков Сыпарбек- 2012-ж. өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиону

Толубаев Самат – 2003-ж. өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиону Азия чемпиону

Сейитказиев Кожомжар -2004-ж. өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионаты 2-орун

Изабеков Турсунбек-2004-ж. өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионаты 2-орун

Кушубакова Кундуз-2011-ж.кыздар Азия чемпионаты 2-орун

Ал эми быйылкы жылдын ийгиликтерин айтсам бул жыл биздин мектеп үчүн абдан жемиштүү болду десем болот. Грек-римдик күрөш бөлүмүнүн машыктыруучусу Эсентай Чоноралиевдин окуучулары Койчуклов Атай, Максатов Мирхат, Тейишев Рустам, Чоноралиев Саматтар Азиялык жана Дүйнөлүк чемпионаттардан 5 медал алышса, эркин күрөш бөлүмүнүн машыктыруучулары Эсенбаев Бекжандын жана Эсенбаев Уландын окуучулары Ташматов Айбек, Кубандыков Сыпар Азиялык чемпинаттардан 1алтын 1коло медал менен мектептин «Ийгиликтер» казынасын толтурушту. Быйыл аты аталган эки бөлүмдөн бардык жаш курак боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасына 9 окуучубуз 1-номер катарында тизмеге киришти.

- Мектепке кирип караган кишиге жакшы ремонт жасалганы айтпаса деле корунуп турат быйлкы окуу жылына болгон даярдыктар жөнүндө айта кетсеңиз.

-Биз жылына каникул учурунда мектебибизди текуший ремонттон өткөрүп турчубуз, быйыл болсо капиталдык ремонт жасадык. Дубалдардын баарын кырып түшүрүп евроремонттоп, залдын төбөсүндөгү эски фанераларын сыйрып жаны пластикалык материалдарды жабыштырдык, полдун чирип калган жерлерин жанылап, залды тегерете МДФ фанерасын кагып, жаны күзгүлөрдү орноттук, эшик-айнектерди, полдордун баарын сырдап, лактадык. Мектептин администрациясы жайгашкан эки бөлмөдө эчак мектептин балансынан чыгарылган эскилиги жеткен СССР убагындагы мебелдер турчу, алардын ордуна жаны заманбап офисттик эмеректер сатып алып, бөлмөлөрдү толугу менен евроремонттон өткөрдүк. Сөздүн учуру келгенде айта кетейин, 300 ашуун окуучулар машыккан ушул мектепке түшүнүү менен мамиле жасаган Талас шаарынын мэри Анарбек Кушубаковго, шаардык финансы бөлүмүнүн башчысы Өмүрбек Давлеталиевге, ЖАК «Жерүйалтын» компаниясынын жетекчилигине ыраазычлык билгизип кетээр элем финансылык жана материалдык жардам көрсөткөндүгү үчүн.

-Быйылкы жылы аткарылган жана аткара турган пландар, алдыга койгон максаттардын баардыгына жетиштиңерби, мүчүлүштүктөр болдубу?

-Негизинен 2011-12 окуу жылына койулган пландарын толугу менен аткардык десем болот. Быйыл мектептин эки бөлүмүнүн окуучулары ар кандай деңгээлдеги мелдештерге 24 жолу катышып келишти, өзүбүз 2 эл-аралык , 2 республикалык деңгээлдеги 4 ири мелдеш өткөрдүк, мындан тышкары 4 шаардык, 2областтык, 6 жолу мектеп арасындагы мелдештерди уюштурдук. Өспүрүмдөр арасындагы Кыргызстандын биринчилигине даярданыш үчүн эки бөлүмдүн тең окуучулары 12 күндөн машыгуу сборлорун өткөрүштү, жыйнтыгы жакшы болду. Албетте, иш бар жерде мүчүлүштүктөр болот, аны өз учурунда териштирип жыйнтыкып чыгарып жоюуга аракет кылам. Азыркы учурда мектептин эки чоң проблемасы бар. Биринчиси суу түтүкчөлөрдүн эскилиги жеткендиктен чирип тешилип калып, окуучулар машыгуудан кийин жуунучу душ иштебей турат. Экинчиси кыштын күнү жылуу аба үйлөп турчу кондиционер керек болуп турат, буларды жакынкы арада чечебиз деп ойлойм.

-Маегибиздин акырында 29-сентябрь Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт кесиптик кызматкерлеринин күнүнө карата даярдыктар кандай, мамилекет тарабынан каралган сыйлыктар же материалдык колдоолор барбы?

-Рахмат, мектебибиздин окуучулары быйыл жалпы эсептегенде Азиялык жана Дүйнөлүк чемпионаттарда 8 медалга ээ болушту, бул өтө эле жогорку көрсөткүч болуп эсептелинет, ошондуктан Кыргыз Өкмөтүнө караштуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин «Ардак грамотасы» менен сыйлоого грек-римдик күрөш бөлүмүнүн машыктыруучусу Эсентай Чоноралиевге сунуштама жибердик, андан тышкары жакшы ийгиликтерге жетишкен Эсенбаев Бекжанга, Эсенбаев Уланга шаардык спорт комитеттин башчысы менен кеңешип белек-бечкек беребиз деген ойлор бар. Учурдан пайдаланып биз дагы жалпы жамаатты кесиптик майрамдары менен куттуктап, иштерине ийгилик каалайбыз.

(“Багыт – Пресс”)

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Пикирлер

  • айгуль @ 08.02.2013 @ 01:27

    это я уже читал, мне надо найти самого Азырболова Айбека, я ищу его давно, если кто знает на почту мне можете сообщение выслать? okaima.nurbekova@gmail.com

  • айгуль @ 08.02.2013 @ 01:31

    не могу понять где что, вроде отправляла сообщение, вроде нет, не умею я пользоваться инетом Азырболов Айбек-1992-жылы СНГнын чемпиону вроде нужен мне, не потому что чемпион