Акыркы макалалар

ИИМ жетекчиси А.Суранчиев уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү үчүн кандай чара көрүү керектиги тууралуу айтып берди

КР ички иштер министри Абдулда Суранчиев уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү үчүн кандай чара көрүү керектиги тууралуу айтып берди.

Бүгүн, 20-августта Бишкек шаарында өтүп жаткан парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын отурумунда билдиргендей, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү үчүн атайын бөлүктөрдү түзүү зарыл жана УКТга карата козголгон кылмыш иштери белгиленген судьялар тарабынан каралышы керек.

«Биздеги ар бир экинчи судья бейбашчылык, зоордуктоо, алдамчылык боюнча иштерди карайт. Судья квалификациялуу болуу менен бул иштерди билип, жашыруун маалыматтар менен кабардар болушу керек», - деп белгиледи министр.

Мындан тышкары, анын айтымында, байланышсыз соттук отурумду киргизүү зарыл.

«Алсак, бизде беттештирүү жүргүзүлөт: Кармалган УКТ мүчөсүн көрсөткөн жабырлануучу же күбө кийинки жашоосунан коркуп, көрсөтмө берүүдөн баш тартат. Күзгү аркылуу таануу жүргүзүү зарыл. 80% жылыш болот деп ойлойм», - деп кошумчалады А.Суранчиев.

Ошондой эле, ал алдын алуу ишин, 15 күндөн 30 күнгө чейин камакка алууну киргизүү зарыл, деп эсептейт.

«Тийиштүү мыйзамды кабыл алышкан, Кылмыш жана Кылмыш-процессуалдык кодексти апробациялоо жүрүүдө... Биз аймактарда да иш алып барып, Орусия Федерациясына чыктык, ал жерден УКТнын 14 мүчөсү кармалды», - деди А. Суранчиев.

Түп нускага шилтеме : barakelde.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...