Акыркы макалалар

Быйыл Ош облусу боюнча 84 социалдык обьектилердин курулушу жүрүп жатат

Быйыл Ош облусу боюнча 84 социалдык обьектилердин курулушу жүрүп жатат

20-августта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов, Ош облустук курулуш башкармалыгынын жетекчи Асылбек Жамшитов, Кара-Суу райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Рахман Назаровдор менен Кара-Суу районундагы курулуп, пайдаланууга берилүүчү мектептердин курулуш иштери менен таанышып чыкты.Бул тууралуу өкүлдүн маалымат кызматы билдирди.

Пландаштырылбаган ыкма менен Кара-Суу районунда жаңыдан курулуп жаткан Учар, Беш Мойнок, З.Төрөбеков, Орто-Мечит, Кызыл-Ордо, А.Жунусов, Гагарин орто мектептеринин жана Тельман айылындагы балдар бакчасынын имаратынын курулуш иштери менен таанышып чыкты.

С.Жээнбеков негизинен жаныдан курулуп жаткан оьектилер канааттандырарлык экендигин айтып, Ош облустук курулуш башкармалыгынын жетекчисине курулуштун сапатына өзгөчө кылдаттык менен көңүл буруусун буйруду.

“Мамлекеттин эсебинен социалдык обьектилерди курууга жетиштүү каражат бөлүнүп жатат, мына ошону көзөмөлдөш биздин милдет. Мамлекеттин ар бир тыйыны өз дарегине жетиш керек, эгерде курулуштун имараты 1-сентябрга бүтпөсө 2-3-сентябрда деле ачылыш аземин жасасак болот. Эң башкысы сапат жогорку деңгээлде болсун, эптелген көз боемочулук болбош керек”-деди С.Жээнбеков. 2014-жылы Ош облусу боюнча 84 социалдык обьектилердин курулуш иштери жүрүп жатат.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...