Акыркы макалалар

Жаңы окуу жылында Каракол шаарынын окуучулары бирдиктүү мектеп формасын кийишпейт

Жаңы окуу жылында Каракол шаарынын окуучулары бирдиктүү мектеп формасын кийишпейт. Бул тууралуу Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Вера Апышева билдирди.

Анын айткандарына караганда, мектеп формалардын республикалык сынагы өтүп, ата-энелердин жана мектеп окуучуларынын жактырган улуттук колориттеги формалар шаарга жеткен жок. Ошондуктан мурдагыдай эле окуучу кыздар форма менен ак фартуктарды, ал эми балдар болсо кара шым-костюму менен ак көйнөк кийишет.

Себеби дегенде,Караколдо 1-4, 5-9, 10-11-класстарына ылайыкталып чыгарылган формалар сатыкка коюлган жок. Мында ишкер сатуучулардын айтымдарына караганда,Казакстандын мектеп окуучуларынын улуттук формалары гана сатылып жатат. Ошондой эле ар кай жерлерде сатыкка коюлган кытай үлгүсүндөгү сапатттык деңгээли начар формалар бар. Бирок, алардын бааларында айырмачылыктар көп. Ал эми кыргыз формалары болсо 1500-сомдон 2000 сомдун тегерегинде, кардарлардын чөнтөгүнө ылайык келмек.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...