Акыркы макалалар

Биометрикалык каттоо өлкөнү кургуйдан чыгарат

Биометрикалык каттоо өлкөнү кургуйдан чыгарат

Кыргызстан калкынын биометрикалык маалыматтарын чогултуу чукулда, 2014-жылдын 27-августунда баш­талат. Бул өткөн жуманын соңунда Кыргыз Республикасынын калкынын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин киргизүү жана калктын биометрикалык маалыматтарын чогултууну жүргүзүү боюнча рес­публикалык штабдын кезектеги жыйынында белгилүү болду. Өл­кө боюнча жүргүзүлүүчү өнөктүккө Өкмөт тарабынан жооптуу биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин билдиргенине караганда, биометрикалык маалымат­тарды чогултуу боюнча иш-чаралар мурда болжонгон мезгилден 4 күн эрте башталмакчы.

Белгилүү болгондой, аталган кампанияны ишке ашыруу үчүн зарыл жабдуулардын 95 даанасы Бишкекке 16-августка чейин келген. Буюрса, ушу жылдын 1-сентябрына чейин алардын 190 даанасы, ал эми 1-октябрга чейин калган бөлүгү (665 даана) келүүгө тийиш. Биометрикалык маалыматтарды жыйноо (колдун 10 манжасынын тактары, адам жүзүнүн санариптик сүрөтү, жеке койгон колу) өлкөдө 2015-жылдын ортосуна чейин улантылмакчы жана иштин 70%ы быйылкы жылдын аягына чейин бүткөрүлүүгө тийиш. Буга мамлекет 250 млн. сом бөлүштүргөн жана жооптуу чиновниктер коюлган максатты өз убагында орундатуусун Президент Алмазбек Атамбаев жыл башында катуу талап кылган, эгерде анте алышпаса кызматтарынан кол жуушмакчы.

Эске сала кетсек, маалыматтар Кыргызстандын 16 жаштан жогору жарандарынын баарысынан алынат жана демилгени эң алгач мамлекеттик чиновниктер, өлкө жетекчилери колдоп, жол баштап беришет. Азыртан эле келген электрондук техникаларда иштөөчү адистерди тандоо жана аларды окутуу иштерине камылгалар башталды. Аны менен бирге жабдууларды алып келген компания КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 50 кызматкерин атайын машыгуу окуусунан өткөрөт, анткени алар өз кезегинде жер-жерлерде туруктуу иш жүргүзүүчү жалпы 245 оператор, ассистенттерге техникалар менен иштөөнүн ыкмаларын үйрөтүшмөкчү. Дегиңкиси эле, аткарган милдетине жараша калктын биометрикалык маалыматтарын чогултууга байланыштуу жоопкерчилик Мамлекеттик каттоо кызматына жана бир катар мамлекеттик органдарга (ИИМ, УКМК, ТИМ, Соцфонд, Салык кызматы ж.б.), жергиликтүү бийлик түзүмдөрүнө жүктөлгөн. Эң негизгиси, түздөн-түз аткаруучулук милдеттер үчүн өлкө боюнча 722 мобилдик топ, 185 стационардык топ түзүлмөкчү.

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алина Шаикованын билдирүүсүнө караганда, Кыргызстанда 3 млн. 641 миң 470 адамдын биометрикалык маалыматтарын чогултуу болжонууда. Учурда облустук жана жергиликтүү бийликтердин өз аймагында жашаган жарандар тууралуу маалыматтары дайын. Эми электр энергиясын жана жылуулукту үзгүлтүксүз берүү маселесин чечүү зарыл.

А.Шаикова тендердин негизинде Giesecke & Devrient GmbH компания­сы 3 млн. 881,5 миң АКШ долларга берген сунушу менен өлкөдө биометрикалык маалыматтарды чогултуучу программалык камсыздоону ишке ашырып жаткандыгын кабарлады. Ушул эле компания 15,5 млн. сомго кошумча жабдууларды бекер алып келгенге даяр. Жыйынтыктап айтканда, Мамкаттоо кызматы техникалык каражаттарды сатып алуудан эле 32 млн. сом үнөмдөп калууга жетишкен.

Албетте, “Беш кол тең эмес”, республикада бул өнөктүктү туура эмес кабылдаган же мындан кандайдыр бир саясый кызыкчылыкты гана көрүп жаткандар да жок эмес. Андыктан республикалык штаб жер-жерлерде, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү керек. Ошол эле мезгилде Улуттук коопсуздук, Ички иштер кызматтары жеке адамдын, коомдун жана мамлекеттин турмуштук маанилүү кызыкчылыктарын коргоо максатында, биометрикалык маалыматтарды чогултууда, иштеп чыгууда, сактоодо жана маалымат системаларында пайдаланууда коопсуздукту камсыз кылуусу милдет.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова өнөктүктүн маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясын уюштуруу­га суралган 29 млн. сомдун 5 млн. сому гана берилгендигин маалымдады. “Биз азыр мамлекеттик маанидеги өтө масштабдуу жана жооптуу ишке киришүүдөбүз. Ар бир жаран банерлерден, теле, радио, гезиттерден, интернет-сайттардан биометрикалык маалымат деген эмне экендиги, анын мааниси жана пайдасы тууралуу кеңири маалымат алууга тийиш. Көптөгөн басылмалар биз менен кызматташууга жана алар тиешелүү маалыматтарды арзан жайгаштырууга даяр. Маданият жана

маалымат министрлигинде басма сөз борбору түзүлөт, мындан тышкары бардык министрликтердин басма сөз кызматтары көмөктөшүүгө тийиш. Бирок, мындай маанилүү иштен каражат аябоого тийишпиз.

Т.Сарпашевдин айтымында, маалыматтарды чогултууга жана паспортторду даярдоого бир да чет элдик компания катышпайт, аны мамлекет өзү жасайт. Чет өлкөлүктөр менен керектүү техника, жабдууларды алууда жана алар бузулуп калса оңдогондо гана кызматташабыз.

Бирдиктүү мамлекеттик реестрди түзүү жана калктын биометрикалык маалыматтарын чогултуу – респуб­лика үчүн тарыхый окуя. Муну менен Кыргызстан саясый, социалдык-экономикалык жана эл аралык чөйрөдө өнүгүүнүн жаңы деңгээлине көтөрүлөт. Биометрикалык маалымат – бул келечекте каттоонун санариптик түрүнө өтүү, жарандардын мамлекеттик кызмат чөйрөлөрүндөгү позицияларын жакшыртуу, өлкөнүн жаңы маалыматтык-инновациялык деңгээлге чыгуусу жана улуттук кооп­суздукту, жекече маалыматтардын коопсуздугун камсыздоо, өлкөдө коррупцияны, кылмыштуулукту жоюу, документтердин жашыруун жасалуусун токтотуу, жарандардын шайлоо укуктарын коргоо, таза шайлоолорду өткөрүү дегендик. Андыктан ар бир жаран өлкө менен бирге жеке өзүнүн кызыкчылыктарын коргоо үчүн бул өнөктүккө токтолбой катышып, башкаларды да үндөөсү атуулдук милдет.

Мындай милдетти коңшу Тажикстан, Монголия небак эле аткарып коюшкан. Айтмакчы, биометрикалык маалыматтарды чогултууда эч бир мамлекет жарандарына акча төлөгөн эмес. Анткени, бул ар бир жарандын жеке кызыкчылыгы болууга тийиш. Мындан өткөн жаран эч кандай паспортсуз, башка документсиз эле ар кандай мамлекеттик кызматтардан пайдаланып, өлкөдөгү бардык саясый, коомдук процесстерге катыша алат. Бул жагынан алганда, Кыргызстандын алдында келерки жылы парламенттик шайлоолорду заманбап технологиянын жардамы менен таза, демократиялык нукта өткөрүп алуу милдети тургандыгы ырас. Дүйнөлүк тажрыйба таза шайлоо системасындагы чоң артыкчылык өлкө калкын биометрикалык каттоого алууда экендигин көрсөткөн. Башкача айтканда, мындай электрондук база кыска мөөнөттүн ичинде шайлоочулардын тизмесин түзүүгө, шайлоонун бузулбай, бурмаланбай өтүшүнө жана бюджеттик каражаттардын үнөмдөлүшүнө шарт түзөт. Мындай каттоолор небактан эле Швеция, Бельгия, Голландия, Дания, Улуу Британия, Испания, Португалия, Франция, Германия, Греция, Италия, Финляндия, Швейцария сыяктуу мамлекеттерде жашап келет.

Азимжан ИБРАИМОВ

Түп нускага шилтеме : kyrgyztuusu.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...