Акыркы макалалар

Ошто жол акы 15 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн

Ошто жол акы 15 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин жетекчиси Нурлан Курманбаев билдирди.

Анын айтымында, жол акыны көтөрүү талабы менен айдоочулар жүргүнчүлдөрдү ташуу агентигине ушул жылдын июль айында кайрылган. Алардын талабында жол акы 12 сом, кечки убакыттарда 15 сом болушу керек экендигин айтышкан жана 7-класстан жогорку класстар 10 сомдон жол акы төлөсүн деген талаптарды коюшкан.

“Айдоочулардын талабы учурда шаардык кеңештин депуттарына жиберилген. Алар эс алуудан кайткандан кийин бул маселени карап чыгышат”,-деди Н.Курманбаев.

Бирок, калаа тургундары жол акынын көтөрүлүшүнө каршы.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...