Акыркы макалалар

Баткендиктер эл өкүлүнөн көмүрдүн баасын көзөмөлдөөгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү

Бүгүн, 26-августта Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин төрайымы Айнуру Алтыбаева Баткен облусунун жергиликтүү кеңештеринин өкүлдөрү, район активдери менен жолугушту.

Эл өкүлүнүн астына баткендиктер башкы көйгөй болуп саналган чек ара маселесин, алдыдагы кышта чек арага танапташ жайгашкан айылдарда электр кубатын үзгүлтүксүз берүү маселесин коюшту. Ошону менен катар Баткен облусунда бүгүнкү күндө тоннасы 17 миң сомду чапчыган көмүрдүн баасын жөнгө салууга көмөктөшүүнү өтүнүштү. Пенсия, жөлөкпул маселери менен кошо сууну натыйжалуу пайдалануу максатында тамчылатма сугат үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүү керектиги көтөрүлдү. Ал эми Айгүл тоосуна ар жыл сайын фестиваль өткөрүү менен туризмди өнүктүрүүнү колго алуу жагы да белгиленди. Облус аймагындагы ботаникалык бакчага бадам эгүү менен 5 жылдан кийин киреше түшө баштаарын айтышкан жергиликтүү тургундар Баткен аймагына Улуттук парк ачуу демилгесин ортого салышты.

Жергиликтүү кеңештердин өкүлдөрүнүн койгон маселелерин тармактарына жараша аткаруу бийлигине тапшыра тургандыгын айткан депутат Алтыбаева учурдун көйгөйлүү маселелерин Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрө тургандыгын билдирди.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...