Акыркы макалалар

«Манас» эпосунун академиялык басылмасы алгачкы жолу толук басылып чыкты

1992-жылы даярдала баштаган улуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы “Манас” эпосунун академиялык басылмасы 9 китеп түрүндө биринчи ирээт 183 000 сап көлөмүндө коомчулукка тартууланды.

“Манас” эпосунун тексттери 1922-24-жылдары Сагымбай Орозбаковдун айтуусунда араб арибинде жазылып алынган. Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондусунда ал жападан жалгыз түп нуска катары сакталып турат. Академиялык басылма мына ушул түп нускадан даярдалып, кеңири кезиккен сөздөр, илимий комментарийлер жана сөздүктөр менен жабдылган. Аны маркум окумуштуу Самар Мусаев даярдап түзгөн.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...