Акыркы макалалар

Баткен облусунда көмүрдүн 1 тоннасы 17 миң сомго чейин жетүүдө

ЖК депутаты Айнуру Алтыбаева Баткен облусунун шайлоочулары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана активисттер менен жолукту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда жергиликтүү жашоочулар бир катар көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү. Атап айтканда шайлоочулар мамлекеттик чек араны чыңдоо, кышында электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу зарылчылыктарын айтышты. Мындан тышкары баткендиктер акыркы мезгилде көмүрдүн 1 тоннасы 17 миң сомго көтөрүлгөнүн айтып, анын баасын арзандатууну суранышты.

Ошондой эле жарандар пенсия, социалдык жөлөкпул төлөө, тамчылатып сугаруу технологиясын киргизүү, туризмди өнүктүрүү жана башка маселелерди көтөрүштү. Алардын айтуусунда, облустун аймагында табигый туристтик объектилер бар жана ал жакта жыл сайын туристтик фестивалдарды өткөрсө болот.

Өз кезегинде А. Алтыбаева парламент аталган көйгөйлөрдү чечүүгө көмөк көрсөтөрүн жана бийликтин тиешелүү аткаруу органдарына тапшырма берилерин убада кылды.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...