Акыркы макалалар

Бишкекте Кара-Көл шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Алтынбек Арзымбаевди атып кетишти

Бишкекте Кара-Көл шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Алтынбек Арзымбаевди атып кетишти

26-августта кечинде Бишкектеги 8-кичирайондо Кара-Көл шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Алтынбек Арзымбаевди атып кетишти. Бул тууралуу укук коргоо органдары билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, А.Арзымбаев белгисиз беткапчан адамдар тарабынан өзү жашаган үйдүн подъездинде атылган. Түнкү саат 23 чамасында окуяга күбө болгондор медиктерге кабар беришкен. Бирок ал ооруканага жетпей каза болуп калган.

Медиктер милицияга А.Арзымбаевге ок атылып жарадар болгондугун, бирок өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк болбогонун билдиришкен.

Мурда укук коргоо органдары А.Арзымбаевди Жин аттуу кошумча аты бар УКТ башчысы менен байланышта экендигинен шек санашкан. Милиция аны бир нече ирет кармаган, анын ичинде адам өлтүрүүгө жана хулиганчылыкка шектелген. Ал өзү бардык айыптарды четке кагып, жөнөкөй эле ишкер экендигин билдирип келген.

А.Арзымбаев эки жыл мурда “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен Кара-Көл шаардык кеңешине депутат болуп шайланган. Бирок аталган партия аны катарында эмес деп билдирүү жасаган. 2014-жылы июлда сот иштерине байланыштуу А.Арзымбаев депутаттык мандаттан ажыратылган.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...