Акыркы макалалар

Жалал-Абад облусунун аймагында «Хизбут-Тахрир» уюмунун 2 миңден ашуун мүчөсү бар, - УКМК башкармалыгы

Акыркы маалыматтарга таянсак, Жалал-Абад облусунун аймагында «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрүнүн саны 2 миңге чукул болуп калды. Бул тууралуу КР Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Канжарбек Бокаев 26-августта ар кандай чыр-чатак маселелердин алдын алуу боюнча өткөрүлгөн облустук штабдын жыйынында билдирди.

Анын сөзүнө караганда, бүгүнкү күндө Борбордук Азиядагы саясий абал салыштырмалуу татаалдыгы менен айырмаланат. Регионалдык коопсуздуктун абалына, белгилүү даражада улуттар аралык ар кандай көйгөйлөрдүн келип чыгышы терс таасирин тийгизүүдө. Бул көрүнүштөр өз учурунда региондо жайгашкан республика аймактарында, оону менен бирге КР экстремистик мүнөздөгү коркунучтардын жайылып кетүүсүнө алып келүүдө.

Түп нускага шилтеме : turmush.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...