Акыркы макалалар

Депутат Маданият министрлигине нааразы пикирин билдирди

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин кайдыгерлигинен улам, Ысык-Көл районундагы Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Тарыхый этнографиялык музей таптакыр кароосуз калган. Муну министрдин өзү деле көрүп кеткен. Бул тууралуу маданий жайдын абалы менен таанышуу үчүн барган Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиевге музейдин жетекчилиги билдирди.

Депутаттын айтымында, чынында эле музейдин экспонаттарынын сакталуу шарты өтө начар.

"Бул музейге Министрлик тарабынан бюджеттик каражат каралган эмес. Музейдин өзү жыл ичинде туристтер менен көрүүчүлөрдү тейлөө эсебинен тапкан 300 миң сом каражатты дагы Казыналык кайра которуп бербей жатыптыр. Дегеле улуттук туризм мекеси болгон Чолпон-Ата шаарынын Тарахый этнографиялык музейине кайдыгер кароо – уят иш", - дейт ал.

Андан сырткары, Осмоналиев бильярд оюну боюнча дүйнөлүк чемпионат өтүп жаткан Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" комплексинде болуп, эл аралык маанидеги спорттук иш-чаранын катышуучуларын куттуктоо менен, алардын ар бирине татыктуу атаандаштык, жогорку ийгиликтерди каалады.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...