Акыркы макалалар

Атамбаев: Кыргызстан Бажы биримдигинин толук мүчөсү болуусун каалайт

Кечээ, 31-августта Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык салтанатта президент Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөдү. Анда, Орусия тарап Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү үчүн, жана бул биздин элге оорчулук жаратпаш үчүн аз эмес суммаларды бөлүп жаткандыгын айтты.

"Жогорку Кеңеш да бардык аргументтерди дыкаат талдап чыгып, өкмөт тарабынан жактырылган КРнын Бажы биримдигине кирүүсү тууралуу документтер блогун колдойт, деп үмүттөнөрүн айтып, 2015-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстан Бажы биримдигинин толук мүчөсү, демек, Евразия биримдигинин мүчөсү болуп калуусун каалап жатат", - деди Атамбаев.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...