27-августта Баткен районунун Карабак айылында жергиликтүү жашоочунун сарайынан РГД-5 жарылуучу гранатасы табылгандыгын Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Окуя болгон жерге инженердик-издөө тобу барган.
«Кырдаалды изилдеп чыгып, гранатаны жок кылуу чечими кабыл алынган. РГД-5 № 30630 аскер бөлүгүнүн окуу борборуна чыгарылган. Ал жерде граната жок кылынды», - деп билдирди министрликтен.
Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg
Азырынча бир да пикир жок...