Акыркы макалалар

Көк-бөрү боюнча Казакстандын курама командасы Ысык-Көлдөгү Көчмөндөр оюндарына катышуудан баш тартты

Көк-бөрү боюнча Казакстандын курама командасы Ысык-Көлдөгү Көчмөндөр оюндарына катышуудан баш тартты

Көк-бөрү боюнча Казакстандын курама командасы 9-14-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Кыргызстандын Көк-бөрү федерациясынын пресс-катчысы Табылды Асыгалиев билдирди.

Анын айтуусунда, казак командасынын көчмөндөр оюнуна катышуудан баш тартуусунун себеби белгисиз.

«Биз да өзүбүз тараптан себебин айта албайбыз, бирок казак тарапка Кыргызстанга келүү ыңгайсыз болгон деп жоромолдосо болот. Эгер эсиңиздерде болсо, өткөн жылы Астанада өткөн биринчи Азия чемпионатында Кыргызстан менен Казакстандын курама командалары финалга чыгышкан. Бирок үчүнчү өлкөнүн калысынын ордуна казак тарап өзүнүн калысын койгон, бул эл аралык эрежелерге каршы келет. Анын натыйжасында ошондо Казакстан Азия чемпионатын жеңип алган. Балким, ошол себептен аларга азыр Кыргызстанга келүү ыңгайсыз болгондур? Бирок чыныгы себебин айта албайбыз», - деди Т.Асыгалиев.

Белгилей кетүүчү жагдай, Көк-бөрү боюнча мелдешке 8 команда катышат. Курама командалар 4ттөн «А» жана «В» топторуна бөлүнүшкөн. Кыргызстан, мелдештин уюштуруучусу катары экиден команда кошкон: Кыргызстан-1 жана Кыргызстан-2.

«А»тобу: Кыргызстан-2, Афганистан, Өзбекстан, Түркия

«В»тобу: Монголия, Кыргызстан-1, Алтай, Тажикстан

Ар бир топтун жеңүүчүлөрү финалда беттешишет. Топтордо экинчи орунду ээлеген командалар 3-орун үчүн мелдешет.

Көк-бөрү оюндары Чолпон-Атанын ат майданында өтөт. 3-орун үчүн мелдеш 14-сентябрда болот. Башталышы 7:30. Финал 10:00дө.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...