Акыркы макалалар

Көчмөндөр оюну: кыргыз улакчылары алдыда

Чолпон-Атада өтүп жаткан Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагында 11-сентябрь күнү көкбөрү боюнча кыргызстандыктар өзбек жана тажик чабандестерин ири эсепте утту.

“Кыргызстан-1” командасы тажикстандыктардын үстүнөн 19:1 эсебинде жеңишке жетсе, “Кыргызстан-2” командасы өзбекстандыктарды 11:0 менен утуп алды.

Түркиянын улакчылары оогандыктарды 5:0 менен, Алтайдан келген көкбөрүчүлөр монголиялыктарды 13:1 эсебинде жеңди.

12-сентябрда "Кыргызстан-2" командасы түрктөргө каршы майданга түшөт. "Кыргызстан-1" командасы алтайлыктар менен беттешет. Финалдык оюндар 14-сентябрда өтөт.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...