Акыркы макалалар

Issyknews. Ак-Сууда мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бакчасында марафон болуп өттү

Ак-Суу районундагы Ак-Суу айылынын "Жылмаюу" балдар бакчасында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар 6-жылдан бери тарбияланып келишет. 3-декабрь - Эл аралык майыптар күнүнө карата кечээ 27-ноябрда аталган балдар бакчасында марафон болуп өттү.

Иш чарага жергиликтүү бийлик башчылары, облус тургундары колунан келген акчалай каражат жана керектүү буюмдарды белек кылышты. Балдар бакчасынын кызматкерлеринин айтуусунда, марафондон түшкөн каражаттын баардыгына балдарга керектүү буюмдар алынат. Марафонго келген конокторго “Жылмаю” балдар бакчасынын тарбиялануучулары атайын концерттик программасын тартуулашты.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...