Акыркы макалалар

Шашылыш эскертүү: 18-20-сентябрда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт

18-20-сентябрда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: 18-сентябрда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. 19-сентябрда көпчүлүк аймактарда, 20-сентябрда айрым жерлерде жаан жаап, тоо этектеринде карга айланат, тоолуу райондордо кар жаайт, 19-сентябрда айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.

19-20-сентябрда абанын температурасы өрөөндөрдө түнкүсүн 2…7градус, күндүз 10…15 градус жылуулукка чейин, тоо этектеринде түнкүсүн 0…5градус, күндүз 5…10градус жылуулукка чейин, тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6 градус, күндүз 0…-5 градус суукка чейин, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10градус, күндүз -2…-7градус суукка чейин төмөндөйт.

Мындай аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, байланыш түйүндөрүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

20-21-сентябрда Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Чүй облусунун тоо этектеринде, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында айрым жерлерде 0…-2градус үшүк, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -3…-5 градус үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча-жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...