Акыркы макалалар

Түлеев жана анын командасынын «сегиз операциясы» же тергөө өз ишин жасады, эми сот эмне дейт?

Түлеев жана анын командасынын «сегиз операциясы» же тергөө өз ишин жасады, эми сот эмне дейт?

Шаардыктардын айтуусу боюнча, бир убакта мурдагы президент К.Бакиевди “атам” деп атаган Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев жана анын кол алдындагы шаардык бийликтин бир катар чиновниктеринин үстүнөн козголгон кылмыш иши сотко өткөрүлдү. Менин билишимче, буга чейин бир да адам соттолбогон “коррупция” (КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 303-статьясы) статьясы боюнча айып тагылган бул иш сотто кандайча аяктайт болду экен? Же прокуратура органдарынын кызматкерлеринин дээрлик бир жылга жакын убакыт топтогон жүйөөлөрү суу кечпей, айыпкерлер акталып чыгып кетеби?

Автобустардан, алып келгенден да акча жасамай

Бул иш боюнча экс-мэр Н.Тү¬леев, Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуу¬чу муниципалдык автотранспорт ишканасынын (БЖТАИ) экс-¬¬¬ди¬рек¬тору М.Кожобергенов, вице-мэр В.Корниенко, мэрия¬¬нын муниципалдык менчик баш¬¬кар¬малыгынын (ММБ) начальниги Р.Бе鬬¬¬¬¬¬шенбаев, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу Б.Сыдыков, мэрия¬¬нын материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгынын (МТКБ) мамлекеттик сатып алуулар бөлү¬мү¬нүн начальниги Б.Токтобеков 104 миллиондон ашуун сом зыян келтиргендик жана анын ичинен 22 миллиондон ашуун суммадагы акчаны легалдаштырып алгандык үчүн айыпталышууда.

Дагы бир катар адамдарга - мэриянын материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгынын нବ¬чальниги А.Шабданалиевге, Ө.Аб¬ды уулуна, Ж.Сыдыковго жана А.Тынымсеитовага камакка алуу (сырттан) баш коргоо чарасы коюлуп, издөө жарыяланган.

Иш кандайча келип чыккан? Тергөөнүн версиясы боюнча, Н.Тү¬¬¬¬¬¬леевдин оозеки тапшырмасы менен М.Кожобергенов К.Асанов менен бирге 2008-жылдын 18-июлунда “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдын талаптарын бузуу менен, тендер өткөзбөстөн туруп жана ага КРнын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамагенттиктин уруксатысыз, экономикалык негиздемесиз жана сатып алуунун альтернативдүү булактарын карабастан туруп, Үрүмчү шаарындагы “Yanghju Yanxing Motor Coach Co Ltd.” фирмасы менен “Ясинь” маркасындагы 200 автобус¬тун ар бирин 24 337 доллардан, жалпысынан 4 867 000 долларга сатып алууга келишим түзүп келет.

Автобустарды чыгарган заводдун аларды Кыргызстан менен чек арага чейин жеткирип берүү сунушуна карабастан, М.Кожобергенов, “Синь Хай Тенг” компаниясынын ээси кытай жараны Ван Хай Бин жана азырга чейин аныкталбаган “Тө¬лө¬¬¬гөн” аттуу жаран аркылуу автобустарды жеткирүүнү өздөрү уюштура тургандыгын айтышат. 19-июлда БЖТАИ муниципалдык ишканасы жана “Синь Хай Тенг” компаниясынын ортосунда автобус¬тарды заводдон биздин чек арага чейин жеткирип берүү жөнүндө номери коюлбаган келишим түзүлгөн. Ага ылайык, автобустарды жеткирип берүү автобустардын ар бири үчүн 7 063 доллардан, же жалпысынан 1 412 000 долларга айланат. Ошол эле учурда транспорт каражаттарын ташуу боюнча Янчжоу шаарындагы кытайлык “TONGDA” ЖЧКсынын маалыматы боюнча, кызматтын наркы 2008-жылдын июлунда 2 433 доллардан болгон. Мына ошентип ташуу кызматы жалпысынан 925 800 долларга кымбатка турган. Муну “биринчи операция” деп коёлу.

Мындан тышкары, ошол кезде шаардын бюджетинде акча каражаттары бар болгондугуна карабастан, мэрия муниципалдык баа¬луу кагаздарды негизсиз чыгарткан жана аларды КРнын Социалдык фондуна жайгаштырган. Ошол эле учурда шаардык бюджетте дал ушул автобус сатып алуу үчүн 100 миллион сом каралган жана жылдын аягына карата бюджеттин профицити 108 миллион сом болгон, демек карыз каражат алуу үчүн зарылчылык жок болгон.

Н.Түлеевдин эсептөөлөрү боюнча ар бир автобустан бир жылда алынган киреше 200 миң сомдон болмок жана БЖТАИ карыздан өзү кутулмак. Иш жүзүндө баалуу кагаздардын үстөк пайыздары боюнча 2009 – 2011-жылдар үчүн 2011-жылы гана мэрия 43,5 миллион сом төлөгөн, негизги карыз боюнча да ушул жылы гана төлөнө баштаган. Азыркы учурда Соцфондго негизги карыз – 150 миллион сом жана үстөк пайыздар боюнча карыз – 27 миллион сом. Бул “экинчи операция”. Ошентип, мурунку шаар бийлиги “чалган боткону” азыркы бийликтегилер “ашаганга аргасыз” болуп отурушат.

Таштанды ташыгычтардан да акча жасашкан

Мэриянын материалдык-тех¬н謬¬¬калык камсыздоо башкармалыгынын начальниги А.Шаᬬда-на¬лиев 2008-жылдын 25-августунда чектел¬беген сатып алуу ыкмасы менен таштандыларды жыйноочу машиналарды сатып алуу процедурасын өткөрүү үчүн тендердик комиссия түзүү жөнүндө буйрук чыгарат. Комиссиянын төрагасы болуп вице-мэр А.Филатов, комиссиянын мүчөсү катары “Тазалыктын” жабдуу бөлүмүнүн начальниги Р.Сарпашев, комиссиянын катчысы болуп жогоруда аталган Б.Токтобеков, тендер өткөрүүгө жооп¬туу болуп МТКБнын мамлекеттик сатып алуулар бөлүмү¬нүн ага адиси Р.Умаралиев дайындалышат.

Кызыгы – ал кезде Р.Сарпашев менен Б.Токтобеков аталган кызматтарда иштебеген болуп чыкты.

Тендерди өткөрүү ошол жылдын 6-октябрына жылдырылат. А.Шаб¬даналиев 24-сентябрда кайрадан жогорудагыдай аталыштагы буйрук чыгарып, эми тендердик комиссиянын төрагасы сентябрда вице-мэрликке дайындалган В.Корниенко (ал Н.Түлеев менен “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасында аппарат жетекчиси болуп иштеген, кийин мэрдин кеңешчиси болуп дайындалган) болуп калат. Мүчөлөрү катарында жогорку муниципалдык чиновниктер калышат.

Тендерге 2 фирма – “Айрус” ЖЧКсы (директору Ө.Абды уулу) жана “Локо лтд.” ЖЧКсы (директору Ж.Сыдыков, ал Н.Түлеевдин мурдагы жубайы Мира Сыдыкованын бир тууганы) катышкан болот. Бул фирмалардын таржымалы да кызык. 2003-жылдын 14-ок¬-тябрында Н.Түлеевдин атасы Ташболот Түлеев (үлүштүн 51%ы) жана А.Асыранкулова (үлүш¬¬¬¬¬¬¬түн 49%ы) “Базалык элемент” ЖЧКсын түзүшкөн. 2006-жылдын 31-январында бул фирманын уюштуруучуларынын курамына А.Тынымсеитованы (Н.Тү¬¬¬¬лее⬬дин бир тууганы Нарынбек Тү¬¬леевдин жубайы) жана Ж.Карыповду киргизүү, Т.Түлеев менен А.Асыранкулованы чыгаруу чечими кабыл алынат. Натыйжада А.Тынымсеитовага үлүштүн 51%ы, Ж.Карыповго үлүштүн 49%ы акысыз берилет.

2006-жылдын 16-сентябрынан бери “Базалык элементтин” да башкы директору болуп келген А.Шаᬬ¬¬¬¬да¬налиев кызматтарды айкалыштыруу менен 2008-жылдын 11-ав¬густунда мэриянын МТКБсынын начальниги да болуп дайындалат.

2006-жылдын 3-ноябрында Р.Курмушиев “Айрус” ЖЧКсын уюштурган, аны ишеним кат менен каттоодон Р.Бейшенбаев өткөрөт. Ал эми 21-ноябрда Р.Курмушиев “Айрустун” 100% үлүшүн “Базалык элементке” өткөрүп берет. 2007-жылдын 25-декабрында “Айрустун” башкы директору болуп Ө.Абды уулу дайындалат. “Локо лтд” ЖЧК¬сын да юстиция органдарында Р.Бейшенбаев ишеним каттын негизинде каттоодон өткөргөн.

Ошентип, тендер демиш болгону менен иш жүзүндө Н.Түлеевдин туугандары же жакын адамдары ээлик кылган фирмалар ага катышкан да... “Айрус” жеңүүчү болуп чыгат. Таштанды жыйноочу 16 бирдиктеги техниканы сатып алууга 27 миллиондон ашуун сом сунушталган.

2008-жылдын 7-октябрында сатуучу - “XINJIANG YEMA ECONOMY & TRADE CO LTD” (башкы директору Ван Вен Чи), сатуучунун өкүлү – “Айрус” ЖЧКсы (башкы директору Ө.Абды уулу), төлөөчү – мэриянын ММБсы (начальниги Р.Бейшенбаев) жана алуучу – “Тазалык” МИси (директордун милдетин аткаруучу Б.Сыдыков) болуп 4 тараптуу келишим түзүлөт.

Бирок, “чү” деген жерден эле тендердин шарттары бузулуп, тендерде көрсөтүлгөн HFC 5010 ZYC моделиндеги “JAC” маркасындагы машиналардын ордуна келишимде 45 000 долларлык баадагы HFC 5010 ZYC моделиндеги “DFAC” маркасындагы машиналар бериле тургандыгы көрсөтүлөт. 13-октябрда аталган машиналар ишканага алынып келинген. Машиналар алынып келинип калганына карабастан, ошол эле күнү “Айрус” ЖЧКсынын тендердик комиссиянын дарегине “JAC” маркасындагы техниканы “DFAC” маркасындагыга алмаштыруу жөнүндө каты берилген. Бул өтү¬¬¬¬нүч эртеси 14-октябрда канааттандырылган, мурдагы 4 тараптуу келишим кайрадан түзүлгөн. Келишимдин жаңы редакциясында “DFAC” маркасындагы машиналар ошол эле баа менен берилмек болот.

Дагы бир көңүл бурчу факт – тергөө убагында аныкталгандай, Р.Сарпашев менен Б.Сыдыков тендерге катышпаптыр, алар кийин гана В.Корниенконун кабинетинен тендердик документтерге кол койгон болуп чыгышты.

Жогорудагыдай “акылдуу комбинациянын” себеби – машиналардын маркасына жараша бааларындагы айырмачылыкта. HFC 5010 ZYC моделиндеги “DFAC” маркасындагы машинанын баасы 17 600 доллар, ал эми жогоруда көрсөтүлгөндөй, HFC 5010 ZYC моделиндеги “JAC” маркасындагы машиналардын баବсы – 45 000 доллар. Бир машинаны сатып алуудагы айырмачылык 27 400 доллар болуп чыгууда. Жалпысынан 16 машинаны сатып алуудан кымырылып калган сумма – 438 000 доллар, же ошол кездеги расмий курс боюнча 17 миллион сомдон ашуун болуп чыгат.

2008-жылдын 15-декабрында мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын начальниги Р.Бейшенбаев №82 бюджеттик тапшырыкка кол коюу менен 28 440 000 сомду “Айрус” ЖЧКсынын эсебине котортот.

Тендердин шарттары боюнча машиналарды алып келүү чыгымдарын, бардык бажы жана салык төлөмдөрүн төлөөнү “Айрус” мойнуна алышы керек болсо да, аларды “Тазалык” төлөгөн. Мына ошентип жалпысынан мамлекетке келтирилген чыгымдын суммасы пошлина түрүндө дагы 10 806 000 сомго көбөйгөн. Бул “үчүнчү операция”.

Көңүл бурчу дагы бир факт. ММБнын начальниги Р.Бейшен¬баевдин буйругу менен 2008-жылдын 26-сентябрында жалпыга маବлымдоо каражаттарына 29-октябрда Шопоков көчөсү, 121 дарегиндеги пайдалуу аянты 569,5 чарчы метр, жанаша жайгашкан аймагы 0,2431 га. жана короо курулуштары менен болгон муниципалдык менчиктеги имаратты 5 жылга ижарага берүү боюнча конкурс жарыяланган.

Конкурсту... кайрадан эле “Айрус” жеңип чыгат. 10-декабрда ага кийин сатып алуу укугу берилүү менен ижара келишимине кол коюлган. Ага чейин эле – 26-ноябрда ал имараттын баасын “Азия-оценка” ЖЧКсы 30 171 000 сомго баалап койгон.

16-декабрда (баары канчалык “оперативдүү” болуп жатканына көңүл буруңуздар!) мэриянын ММБсы “Айруска” 28 440 000 сомду которот, а ал 17-декабрда кайра ММБга 30 171 000 сомду имарат үчүн которот. Ошентип, бир китептин каарманы айткандай, “эч кандай алдоо жок, колдордун эпчилдиги гана” ишке жарады! Ошентип, мэриянын акчасы менен “Айрус” жеке менчик фирмасы арзан баадагы имараттуу болуп калат. Бул жагынан экс-мэрдин “командасы” Остап Бендердин өзүнүн “таякесин таанытып” койчудай!

Бирок, “шашкан чычкан ийин таппайт” болуп, аталган кыймылсыз мүлктү сатуу-сатып алуу келишиминде техникалык каталар кетирилген. Үстүндө К.Бакиевдин ишенимдүү мэри Н.Түлеев “крыша” болуп турганда аны оңдоо да кеппи!? 2009-жылдын 14-январында кайрадан сатуу-сатып алуу келишими түзүлө калат. Анан, 28-январда (14 күндөн кийин эле!) “Айрус” аталган мүлктү “Кайзер” ЖЧКсына 35 миллион сомго (!) кайра сатат. Ортодо эки жумада 5 миллионго жакын сом жөн эле түшүп калып жатпайбы”! Бул “төртүнчү операция”. Мына чиновниктер кайдан байыйт деп баш ооруткан окурмандардын суроолоруна бир жооп!

Баса, бул схема, азыр парламент депутаты С.Жапаров айыпталып жаткандай схеманы эске салып турган жокпу!?

Мына ушундай “комбинациялардын” жыйынтыгында, тергөөнүн версиясы боюнча, ушул эле операциядан Бишкектин бюджетине жалпысынан 28 миллион сом зыян келтирилген. Анан, дагы шаар чиновниктери каражат тартыштыгын айтып шаардыктардын баштарын ооруткулары келишет...

«Байсалдуу» сапарлар жана...

2009-жылдын 4-мартында Кыргыз Өкмөтү менен Кытай Эл Рес¬публикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 50 миллион юань кайтарымсыз жардам берүү жөнүндө келишимге кол коюлган. Ал суммага шаар ичинде каттоочу автобустар сатылып алынмак.

Негизи улуу комбинатор Остап Бендер акча жасоонун көптөгөн жолун (санын эстей албай койдум) билген. А биздин мамлекеттик жана муниципалдык чиновниктер алардан кем калышат бекен?!

Мисалы, абадан акча жасоо автобустарды сатып алуу операциясынын өзүнөн мурда эле башталат. Кандайча дебейсизби?

2009-жылдын 7-июлунда М.Ко¬ж¬¬¬бергенов БЖТАИнин эксплуатация бөлүмүнүн начальнигинин орун басары А.Хуторный экөөсүнө сатылып алынуучу автобустардын маркасын жана алардын техникалык комплектелүүсүн аныктоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө 10-июлдан 20-июлга чейинки мөөнөттө Кытайга барып келүүгө иш сапарына жөнөтүү боюнча буйрукка кол койгон. Командировкалык чыгымдар үчүн ишкананын кассасынан 391 050 сом же ошол кездеги курс менен 9 миң доллар алган.

Бирок, заводдун өкүлдөрү менен келише алышпай калышкандыктан улам командировка 15-июлда, же мөөнөтүнөн мурда аяктаган.

Демек, жөнөкөй эле логикага ылайык, иш сапарына чыгымдар да жок дегенде 5 күнгө аза¬йышы керек да. Ошентсе да, бизде “колго түшкөн коёнду коё берген чиновник” болобу? Ал экөөсү 391 050 сомду толук чыгымдашкандыгы боюнча отчетту “катыра” беришкен. Тер¬¬гөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, мындай “кынтыксыз” финансылык отчет берүүгө анын жогоруда аталган “Төлөгөн” аттуу эски таанышы жардамдашып, Синцзянь-Уйгур автономиялуу районундагы “Хуэй Юан” соода компаниясынын кытай тилиндеги мөөрү коюлган справканы алып берген. Эми кыйын болсо прокуратура кызматкерлери соттун жүрүшүндө ал справканын аныктыгын, ал анык болсо да командировкалык чыгымдардын аталган суммага төп келбегенин далилдеп көрүшсүн! Бул “бешинчи операция”.

Мындай мамлекет үчүн чыгашалуу, а өздөрү үчүн кирешелүү иш сапар кийин дагы уланды. Туу¬ра бир айдан кийин – 7-августта кайрадан А.Хуторный экөөсү Кытайга, бул жолу узагыраак – 29-августка чейинки мөөнөткө иш сапары менен жөнөшөт. Командировкалык чыгымдарга деп ишкананын кассасынан алынган 275 931 сомдон М.Кожобер¬ге¬нов бул жолу астындагы кызматкери А.Хуторныйга 44 000 сом берет да, калган 235 931 сомун өзү чыгымдайт. Бул “алтынчы операция”.

Келгенден кийин М.Кожобер¬ге¬нов бухгалтерияга тапшырган документтер боюнча А.Хуторный Пекин шаарында “Достук” меймананасында суткасына 250 доллардан төлөп жаткан болуп чыгат. А иш жүзүндө А.Хуторный Пекинге барбаган болуп чыгат.

... «алтын» автобустар

Жогоруда аталган өкмөттөр аралык келишимди ишке ашыруу үчүн 2009-жылдын 6-августунда БЖТАИ менен “Шанхай автомобилдик импорттук-экспорттук компания” ЖЧКсынын ортосунда “Ясинь” маркасындагы 183 даана автобус сатып алуу келишими түзүлөт. Анда кытай тарап автобустарды мамлекеттик чек арага чейин жеткирип берүү милдетин да алат. Ал жерден Бишкекке чейин жеткирүү үчүн кетүүчү 143 838 доллар (1 автобуска 786 доллар) суммадагы чыгымдарды кытай тарап БЖТАИге төлөп берген.

Кытайда коррупция менен күрөш канчалык күчтүү экенин жана ал жакта жаза катуулугун да угуп жүрбөйлүбү. Ошентсе да кыргыз кыйын калк, “жылуу сөзү” менен жыланды да ийининен чыгарып алат эмеспи! А кытай кеп болуп калыптырбы?! Мына ушундай жол менен М.Кожобергенов кытай тарапты автобустарды мамлекеттик чек арага чейин эле жеткирүүгө макулдатат.

Кайрадан эле БЖТАИнин 99 кызматкерин автобустарды айдап келүү үчүн командировкага деп эксплуатация бөлүмүнүн начальнигинин орун басары У.Мырсыраимовго ишкананын кассасынан 5 827 339 сом алууга көрсөтмө берет. Андан кийин бул сумманы 18-сентябрда өзү алган. Анын 20 миң сомун айдоочулар үчүн тамак-ашка, 342 183 сомун күйүүчү май куюуга жумшайт да, калган 5 465 156 сомун өзүнө ыйгарып алат. Бул аз келгенсип, жогоруда айтылгандай, кытай тарап берген 143 838 доллардын (же ошол кездеги курс боюнча 6 279 602 сомдун) 452 263 сому автобус айдап келген айдоочуларга сыйлык катарында бердирет да, калганын – 5 465 156 сомун (жогоруда аталган сумма) өзүнө ыйгарып алат. Бул “жетинчи операция”.

Бул жоруктарынын изин тазалоо үчүн М.Кожобергенов “Андрей” аттуу кытай тараптагы котормочудан “Хакэдива” май куюучу станциядан 2 352 085 сом 80 тыйынга май куйдурганы жөнүндө жалган квитанция алдырып алган. Андагы мөөрдүн жазуусунун котормосунда Кытайдын түндүк-чыгышындагы Ляонин провинциясынын финансы башкармалыгы экени көрсөтүлгөн. А иш жүзүндө автобустар ал жакка дегеле барган эмес жана Кыргызстандын чек арасына чейин кытай тараптан май куюлган.

Ал аз келгенсип, 99 айдоочу чек арадан өтпөгөнүнө карабастан, алар 4 сутка аралыгында 2 жолу Кытайдын аймагында болгондугу жөнүндө “Шанхай автомобилдик импорттук-экспорттук компания” ЖЧКсынын мөөрүн койдуруп алган. Ошентип, жалпысынан 71 280 доллар (же 3 112 084 сом) кызматкерлердин командировкалык чыгымдарына жумшалды болуп, эсептен чыгарылган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, М.Кожобергенов 48 миң долларды (же 2 095 680 сомду) өзүнө алып, 76 695 долларды (же 3 348 490 сомду) “Андрей” аркылуу кытай тарапка берген. Ошентип, бул операциядан келтирилген зыян 5 465 156 сомду түзгөн. Бул “сегизинчи” операция.

Тыянак...

Албетте, бул иште акыркы тыянакты сот органдары чыгарат. Азырынча иш сотко өтүп, ал эми Н.Түлеевдин баш коргоо чарасы катарында 3-январга чейин камакта кармалуу чарасы кабыл алынды. Эми прокуратура органдары “а” дегенден кийин “б”ны да айтып, ишти акырына чыгара алабы, же кылмыш иши биринчи инстанцияда эле быт-чыты чыгып, айыпталуучулар “элдик каарман” болуп чыга келишеби? Менчиктештирүү жаңы башталган убактагы “Биздин күндүн астында баары өсөт” дегендей, биздин өлкөдө баары боло берет эмеспи. Эгерде бул кылмыш иши логикалык аягына чыгарылып, айыпталуучулар кылган кылмыштарына жараша жоопкерчилик тартышса, анда бул азыркы бийликтин коррупция менен күрөшүүсүндөгү алгачкы натыйжа да болуп калмакчы.

Же орустар айтмакчы, “биринчи куймак бөлтөк” болуп, Н.Түлеев жана анын командасы сүттөн ак болуп чыгышабы?...

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

Түп нускага шилтеме : kyrgyztuusu.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...