Акыркы макалалар

Ишкерди сабап акчасын тартып алган УКТ мүчөлөрү кармалды

Жеке ишкерди коркутуп, сабап ири суммадагы акчасын алган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү колго түшүрүлгөн. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, август айында Бишкек шаарынын Бөкөнбаев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз эки жаран жалгыз бараткан жеке ишкерди "Ауди" үлгүсүндөгү унаага күч колдонуп салып кеткен. Аны шаар сыртына алып чыгып сабап, коркутуп, 470 миң сомго жакын акчасын тартып алышкан. Жабырлануучу оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Учурда бул кылмышка шектелип 1977-жылы туулган К.М. аттуу Чүй облусунун тургуну кармалган. Анын уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү экени жана буга чейин соттолгону маалым болгон. Анын жанында 1979-жылы туулган М.К. аттуу жаран болгон. Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүп жатат.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...