18-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн алды. Мамлекет башчысы эмгек өргүүсүн Түркия Республикасында өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Эмгек өргүүсү аяктаары менен Президент Алмазбек Атамбаев келерки жуманын акырында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын чакыруусу менен Стамбул шаарында «Регионалдык өнүгүү үчүн ресурстарды ачуу» маселеси боюнча Дүйнөлүк экономикалык форумдун атайын отурумуна катышат.
Ошондой эле Президент Түркия Республикасынын жетекчилери менен эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маселелери боюнча бир катар жолугушууларды өткөрөт.
Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg
Азырынча бир да пикир жок...