Акыркы макалалар

Кыргызстанда министрликтердин жарымын кыскартуу сунушталууда

Кыргызстанда министрликтердин жарымын кыскартуу сунушталууда. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын өкмөтүн реформалоо боюнча анын курамынын жана түзүмүнүн концепциясы жөнүндө маселе бүгүн, 19-сентябрда "Ар-Намыс" фракциясынын жыйынына алынып чыкты.

Фракция лидери Феликс Куловдун айтымында, учурда Кыргызстанда 16 министрлик жана ведомстволор бар. Алардын 15и министрликтер жана бирөө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет.

"Учурда 8 министрлик болсун деп жатабыз. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет менен 9 болот. Өкмөт мүчөлөрү канчалык аз болсо, ошончолук иштин натыйжалуулугу жакшырып, чечим бат кабыл алынат",- деди ал.

Сунушталып жаткан өкмөттүн курамы:

1. Премьер-министр

2. Биринчи вице- премьер-министр

3. Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси

4. Вице-премьер-министр

5. Өнүктүрүү жана соода-сатык боюнча вице-премьер-министр

6. Инфраструктура боюнча вице-премьер- министр

Министрликтер:

1. Каржы министрлиги

2. Өнүктүрүү жана соода-сатык министрлиги

3. Инфраструктура министрлиги

4. Билим берүү министрлиги

5. Коргоо министрлиги

6. Тышкы иштер министрлиги

7. Ички иштер министрлиги

8. Юстиция министрлиги

9. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...