Акыркы макалалар

Электр энергиясына чектөө киргизүү менен 7 млрд 498 млн кВт саат үнөмдөсө болот

"Былтыр кышында 2 млрд 36 млн кВт саатты керектегенбиз. Эгер жылытууну үнөмдөсөк, бизде электр энергиясы жетиштүү болот", -деди Кубанычбек Турдубаев.

Электр энергиясына чектөө киргизүү менен 7 млрд 498 млн кВт саатты үнөмдөсө болот. Бул тууралуу КР Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Кубанычбек Турдубаев, 20-сентябрда, "Биринчи Радиодогу" түз байланышта айтты.

"Түндүкэлектр" ААК боюнча жай айларында керектөөнүн көлөмү 927 млн кВт саат болгон. Бул 6 айдагы көрүнүш. Ал эми былтыр кышында 2 млрд 36 млн кВт саатты керектегенбиз. Бул дагы 6 айдагы көрсөткүч. Кыйла өсүү таза электр жылытуу менен байланыштуу болуп жатат. Эгер жылытууну азайтсак, үнөмдөсөк бизде электр энергиясы жетиштүү", деп кошумчалады ал.

Турдубаевдин айтымында, мурунку план боюнча, октябрдан март айына чейин 9 млрд 794 млн кВт саат электр энергиясы берилиши керек болчу. "Эми 2,3 млрд кВт саатка азайтсак, 7 млрд 498 млн кВт саатты биз үнөмдөп туруп , электр энергиянын көлөмүн кайра керектешибиз керек", -деди ал.

"Серепчилер 15 сааттык өчүрүүлөр болот, массалык түрдө чектөөлөр киргизилет, энергетика каатчылыкка учурады деп элге маалымат таркатып атат. Бизде электр энергиясы азыр деле бүт баардык жакта жетиштүү деп айтат элек. Бизнесте, калк арасында, 1, 3 фазалуу абоненттерде колдонулуп эле атат. Болгон көйгөй- кыш мезгилинде электр энергияны керектөө кыйла өсүүдө", -деди Турдубаев.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...