Акыркы макалалар

Түнкү клубдардын биринде атышуу болгон

Бишкек шаарындагы түнкү клубдардын биринин унаа токтотуучу жайында ок атышуу болгон. Бул тууралуу Бишкек ШИИББ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-сентябрда түнкү клубдардын биринин унаа токтотуучу жайында ок атышуу болгон. Бул тууралуу милицияга кабарланып, укук коргоо кызматкерлери аталган жайда токтоп турган Лексус GS-300 унаасынын ичинен жана жанынан белгисиз куралдардын огунан калган гильзаларды табышкан. Бирок унааны текшерүүгө алып жаткан учурда анын ээси дистанциондук чип ачкыч менен унаасын бекитип качып кеткен.

Ал эми аталган факт боюнча ок атышуу орун алган түнкү клубдун коопсуздук кызматкери 20-25 жаштардагы белгисиз жарандар аны ок атуучу курал менен чаап, ур-токмокко алгандыгы тууралуу арыз менен кайрылган. Ошол эле күнү №1-шаардык ооруканага ок атуучу куралдан жараат алган М.Т. аттуу жаран келип түшкөн. Ошондой эле Улуттук госпиталга ур-токмокко алынган Ж.Б. аттуу жаран кайрылган. Кийин "түнкү клубдун жанындагы мушташка катышкан" деген шек менен Ош облусунун А.О. жана Т.М. аттуу жарандары кармалышкан.

Учурда укук коргоо кызматкерлери тарабынан жогоруда айтылган унаанын ээсин жана окуяга тиешеси бар жарандарды издөө жана илктөө иштери жүрүп жатат.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...