Акыркы макалалар

Кыргызстанда Эл аралык кризистик топтун кызматкери кармалды

Кыргызстанда Эл аралык кризистик топтун кызматкери кармалды

Кыргызстан «Эл аралык кризистик топ (ICG) башаламандыкты тутандырууда» деп атат

Кыргызстандын коопсуздук кызматы ирландиялык изилдөөчүнү 2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө болгон жана жүздөгөн адамдар өлүмгө учураган улут аралык башаламандыкты тутандырган деп айыптады.

«Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкекте жайгашкан Эл аралык кризистик топтун талдоочусу Конор Прасад кылмыш ишмердүүлүгүнө катышкан, ошондой эле чагымчыл мазмундагы, элди козголоңго үндөгөн материалдарга ээ болгон» деп тастыктап жатат.

УКМКнын билдирүүсүндө быйыл Прасад Өзбекстандын чегарасынан анча алыс эмес жерде жайгашкан түштүктөгү Ош шаарында кыргыз-өзбек мамилелерине изилдөө жүргүзгөн Эл аралык кризистин топтун негизги ишинин алкагынан чыккан иштер менен алектегени айтылат. Ал өзбек калкынын укуктары бузулганы тууралуу маалыматтарды жыйнаган жана өзбектерди «активдүүрөөк жарандык позицияны ээлөөгө чакырган» деп тастыктайт УКМК.

УКМКнын билдирүүсү Ош шаарынын соту Прасаддын автонунаасын тинтүүгө алгандан кийин айтылды. Эл аралык кризистик топтун кызматкеринин унаасын тинтүүгө алган кезде мекеменин маалыматы боюнча «улут аралык касташууну, массалык тартипсиздикти тутандырууга багытталган жана республиканын туруктуулугу менен бүтүндүгүнө коркунуч келтирген» материалдар табылган.

«Прасад Эл аралык кризистик топтун ишин жасап жатам деген кепке жамынып алып кылмыш иши менен алектенген», - деп билдирди AFP менен болгон маегинде УКМКнын өкүлү. Ал «Прасад өзбектерди улут аралык башаламандыкка түрткөн», - дейт. Улут аралык касташууга түртүү Кыргызстанда олуттуу кылмыш иши болуп саналат.

УКМКнын расмий өкүлүнүн айтымында, Прасад сот алдында жооп бермекчи. Бирок УКМКнын кызматкери Эл аралык кризистик топтун өкүлү катуу мыйзам менен жазаланат деп ишенбейт. «Ирландиялыктын дипломатиялык кол тийбестиги бар, ошондуктан биз аны эч нерсе кыла албайбыз», - дейт УКМКнын кызматкери эң катуу жаза депортация болушу мүмкүн экендигин кошумчалап.

Эл аралык кризистик топтун өкүлү өз кызматкеринин дарегине карата айтылган дооматты четке какты жана Прасад дипломатиялык статуска ээ эмес экенин билдирди. Андан тышкары «Конорду кармоо жана анын унаасын тинтүү маалында УКМКнын кызматерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын көп жолу бузган учурлар байкалган, ушундан улам Эл аралык кризистик топ өлкө президенти Алмазбек Атамбаевге ишке кийлигишип берүүнү өтүнүп кайрылууга аргасыз болду», - деп билдирди бул топтун басма сөз катчысы Андрей Штройляйн.

Айрым изилдөлөрдө, анын ичинде Кыргызстандын түштүгүндө болгон окуяларды иликтөө боюнча көз карандысыз комиссиянын баяндамасында 2010-жылы Ош шаарында болгон улут аралык башаламандык акыры аягына чейин иликтенбегени айтылат. Кээ бир тараптар Кыргызстандын коопсуздук күчтөрүн зомбулук кылган деп айыпташууда. Өткөн жылдын март айында Эл аралык кризистик топ 2010-жылдагы окуялардан кийин жана Кыргызстандын бийлигинин өлкөнүн өзбек калкына жасаган мамилесинен улам улут аралык чыңалуу күчөп жатканын билдирген.

AAP, 23-ноябрь, 2012-жыл

Которгон – «InoZpress.kg»

Түп нускага шилтеме : www.inozpress.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...