Акыркы макалалар

Өкмөт чет өлкөлүк инвесторлордун ишмердигинин биринчи 10 жыл аралыгында укуктук шарттар өзгөрүлбөйт, деп кепилдик берет

Өкмөт чет өлкөлүк инвесторлордун ишмердигинин биринчи 10 жылынын аралыгында укуктук шарттар өзгөрүлбөй тургандыгына кепилдик берет. Бул тууралуу КРнын вице-прмьер-министри Валерий Диль билдирди.

Анын «Бүгүнкү инвестициялар» журналына берген маегинде, өлкөдө инвестициялак шарттарды жакшыртуу боюнча өкмөттүн чаралары тууралуу айтылат.

«Бизнести жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттар менен камсыз кылуу, менчик укуктарын коргоо жана кепилдиктер, тикелей инвестицияларды тартуу жана өз активдерин натыйжалуу башкаруу — булар экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүү үчүн башкы милдеттерден болуп саналат», - деген В.Диль, өкмөт инвестициялар жана экспорт үчүн салыктык стимулдарды төзөрүн кошумчалады.

«Өкмөт укук системасына реформа жүргүздү жана ички, тышкы сооданын эрежелерин жеңилдетти. Иштеп жаткан мыйзам жергиликтүү жана чет өлкөлүк инвесторлор үчүн бирдей шарттарды караштырат», - деп билдирди өлкөнүн экономика боюнча вице-премьер-министри.

Түп нускага шилтеме : barakelde.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...