Акыркы макалалар

Issyknews. Ысык-Көлдө карагат өстүрүү рентабелдүү деп табылды

Ысык-Көлдө көбүнчө картошка айдалат. Ал эми жалгыз гана картошканы айдабастан башка мөмө-жемиштерди өстүрүү фермерлерлерге сунушталууда. Башка аймактардын климаты карагат өндурүүгө туура келбегендиктен Ысык-Көлдө ыңгайлуу деп орусиялык инвесторлор менен ушундай жыйынтык чыгарылган. Бул тууралу Ысык-Кол облустук маркетинг кызматтык борборунун жетекчиси Аскар Сулайманов билдирди. Анын айтымында карагат өндүрүүнүн келечеги жакшы болууда : “Былтыркы жылы фермерлер 1 гектар жерден 30 тонна картошка алса, ошол эле жер аянтынан карагаттан түшкөн пайда жарым миллион сомду түзөт. Ошол үчүн быйылкы жылдан баштап фермерлерге маалымат жеткирүүдөбүз. Эгер фермерлер толугу менен маакулдашып колдоого алышса анда карагаттын көчөттөру орусиядан алынып келет. Ошондой эле карагаттарды жыйноо үчүн атайын комбайндар Европадан сатылып алынат”- дейт А.Сулайманов.

Эгер карагатты өндүрүү маселеси жолго коюлса анда келечекте карагаттан ар кандай азыктарды чыгаруу заводу ачыларын кошумчалады ал.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...