Акыркы макалалар

Сөөктү көмүү үчүн жер тилкесин акысыз негизде берүүгө багытталган мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди

Бүгүн, 1-октябрда Жогорку Кеңеш жыйынында "Сөөктү көмүү жана сөөктү коюу иши жөнүндө" мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, депутаттардын суроолоруна демилгечилердин бири Татьяна Левина жооп берди, деп билдирди ЖКнын басма сөз кызматы.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери: Жогорку Кеңештин депутаттары Т.Левина, Н.Бадыкеева, Г.Скрипкина, Д.Бекешев, Т.Бакир уулу, Э.Кочкарова.

Мыйзам долбоору сөөктү көмүү жана сөөк коюу иши чөйрөсүндө коомдук мамилелерди тартипке келтирүүгө багытталган жана сөөктү көмүүнү ишке ашыруунун, анын ичинде сөөктү көмүү же сөөктү көмүүгө жөлөкпул берүү; сөөктү көмүү үчүн жер тилкесин акысыз негизде берүү кепилдиктерин; анын күтүлүшүнө жана пайдаланылышына коюлуучу санитардык жана экологиялык талаптарды эсепке алуу менен сөөк көмүлүүчү жерди уюштурууну; иштин өз алдынча түрү катары сөөк коюу ишин уюштурууну карайт.

Талкууда Бишкек шаарынын вице-мэри Марс Саккараев борбор калаада каза болгон жаранды көмүү үчүн жер тилкеси славян улутундагыларга 3400, мусулмандарга 4400 сом экенин маалымдады. Ошону менен катар вице-мэр Бишкек шаарында 5 көрүстөн бар экенин, өткөн жылы Гроздь айылынан борбор калаага көрүстөн үчүн жер берилгендигин кошумчалады. Мыйзам долбоорун колдоого алган депутат Исмаил Исаков шаарда да, айыл жеринде да жер бекер берилиши керектигин ошондой эле каза болгондорго жер сатуу бизнесин токтотуу зарылдыгын баса белгиледи.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жолдонду.

Түп нускага шилтеме : barakelde.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...