Акыркы макалалар

«Республика» фракциясынын лидери М.Сабиров «Ата Журт» партиясы менен биригүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын тастыктады

«Республика» фракциясынын лидери М.Сабиров «Ата Журт» партиясы менен биригүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын тастыктады

Учурда «Республика» менен «Ата Журт» партияларынын биригиши тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, деп билдирди бүгүн, 6-октябрда АКИpress агенттигине парламенттик «Республика» фракциясынын лидери Максат Сабиров.

Мурдараак, ЖМКларда, 2 партия биригип, алдыдагы шайлоого бир партия катарында чыгышы тууралуу маалыматтар тараган.

«Республика» фракциясынын лидери М.Сабиров бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын тастыктады.

«Азыркы тапта эки партиянын биригиши тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок азырынча эч кандай документтерди көрө элекмин. Биз бириккибиз келгендин башкы себеби, бул - түндүк, түштүккө бөлүнүү болбостугу. «Ата Журт» түштүк партиясы, «Республика» - түндүк. Биз элдерди бириктиргибиз келет. Ал эми экинчи себеп - өткөндө 29 партия көрсөтүлгөн, алардын 5өө парламентке өтүп, калган 24ү жөн гана жазылышкан», - деди ал.

М.Сабиров, «партиялардын биригиши эффективдүү ишке алып келерин» белгиледи. «Мейли 10 партия болсун, бирок бөлүнүү болбойт, ошондо иштер натыйжалуу болот», - деп кошумчалады ал.

Түп нускага шилтеме : barakelde.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...