Акыркы макалалар

Трансформатор коюлду

Чыгыш электр ачык акционердик коомунун жардамы менен Ооруктам өрөөнүнө караган Тамды-Суу айылына 100 киловольттук трансформатор алмаштырылып коюлду. Бул айылда мурда 40 киловольттук трансформатордон 2 гана фаза чыгып, 9 түтүнгө жарык жарытылуу жетпей 10 жылдан бери көйгөй жаралып келген. Элдин өтүнүчү менен Орток айыл өкмөтүнүн башчысы Миртемир Турдалиев аталган мекемеге кат жүзүндө кайрылып, чакан айылдын муктаждыгы чечилип отурат. «Жолу алыс, кышы катаал аймакта жашагандар электр энергиясын үйдү жылытуу үчүн эмес, жарыктандыруу үчүн эле колдонуп келишкен. Ошол да үлбүрөп оңчулуктуу жетпей, эч ким көңүл бурбагандыктан каралбай кала берген. Бул маселени Чыгыш электр ачык кационердик коому тезинен чечип берип, эл үчүн соопчулук иш кылды»-дейт М.Турдалиев.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...