Акыркы макалалар

«Элет Эгемендин» эпкиндүү иштери

«Элет Эгемендин» эпкиндүү иштери

Нарын районунун Жерге-Тал айыл өкмөтүндөгү «Элет Эгемен» коомдук бирикмесинин мүчөсү Асанакун кызы Гүлзаттын айтымында Жерге-Тал айыл аймагында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун көптөгөн далилдери бар.

--Мындан өзгөчө аялдар менен балдар жабыр тартышууда. Зомбулук жасалган менен элибиздин менталитетине жараша ачыкка чыкпай, «Кокуй эл укпасын, уят! Ар-намысыбызга доо кетет, эл караган бетибиз жер карайт» деген мааниде аялдардын көпчүлүгү үй-бүлөдөгү чыр-чатакты сыртка чыгарбай жашырышат. Бул абдан көйгөйлүү маселе болгондуктан айылдагы демилгелүү аялдар быйыл июнь айында «Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун алдын алуу» аталыштагы комитет түзгөнбүз. Иш пландарыбызга гендердик зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча иш чараларды өткөрүү, айылдаштарыбызга көңүл буруу менен юридикалык, психологиялык, маалыматтык колдоо көрсөтүү, кыз ала качуу, жашы жете электе турмуш куруу, үй-бүлөдөгү зомбулук сыяктуу кырдаалдарды аныктоо менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттерин алдыга койдук. Учурда аялдар, эркектер, айыл жаштары, дин өкүлдөрү, жергиликтүү коомчулук менен биргеликте иш алпаруудабыз. Бул иш чаралардын бардыгы коомдук бирикменин жетекчиси Исаков Куттубектин аракети, Асаналиев Руслан, Исаева Гүлназ, Жумакадырова Гүлназ сыяктуу көптөгөн жаштардын күчү менен уюштурулуп, театралдаштырылган оюн-зооктор, видео тасма, слайд аркылуу өткөрүлүүдө. Биздин маалыматтык ишибизди эл да кызыгуу менен кабыл алып, «мындай маселелерди билген эмес экенбиз» деп тренинг, тегерек үстөл, акцияларга үзбөй катышуунун аракетинде.

Гүлзат айткандай алгач алар айылдагы тобокел топтору бар үй-бүлөлөрдүн картасын түзүп, кырдааалдын себептерин аныктап, ПРООНдун колдоосунда жамааттык топ, окуучулар, жаштар арасында жолугушууларды уюштуруп, акцияларды өткөрүп, түшүндүрүү иштерин башташкан. Анда гендердик теңчиликтен тартып, кыз ала качуу менен үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун алдын алуу, бийлик бутактарына тартууда аялдардын деңгээлин жогорулатуу сыяктуу маселелер камтылган. Ошондой эле аталган комитеттин активдүүлүгүн арттырыш үчүн «Социалдык технология агенттиги» коомдук бирикмеси аркылуу «Үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алууга укуктук негиздер» тренингин өткөрүшкөн. «Адилет» укуктук клиникасы аркылуу айылдыктарга акысыз юридикалык кеңештер, муктаждарга укуктук маалыматтар берилген. Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, паспорту жок кыйналып-кысталып жүргөндөргө да документ алууга жардам көрсөтүлгөн. «Элет-Эгемен» жаштар уюмунун кеңсесинде атайын укуктук адабияттар, буклеттер, плакаттар коюлган маалыматтык бурч ачылып, укугун коргогондор келип кеңеш алып турушат.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...