Акыркы макалалар

Бажы биримдигине киргенге чейин Россияга эт азыктарын ташууга мүмкүнчүлүк түзүлдү

Бажы биримдигине киргенге чейин Россияга эт азыктарын ташууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” маалымат агнеттигиндеги басма сөз жыйынында айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев билдирди.

“Москвада өткөн жолугушууда негизги маселелердин бири чечилди. Анткени биз Россияга эт азыктарын ташып, өткөрүүгө кайрадан уруксат алдык”,-деди Т.Айдаралиев.

“Анда биз тараптан даярдалып жаткан сертификаттарды жогорку деңгээлде текшерүүдөн өткөрүп, ишкерлердин азыктары көзөмөлгө алынаарын айттык. Бул биз үчүн чоң жетишкендик, себеби көптөн бери чечилбей келе жаткан эт азыктарын сатууга мүмкүнчүлүк түзүлө турган болду”,-деди ал.

Т.Айдаралиевдин айтымына караганда, Бажы биримдигине киргенге чейин эт азыктарын ташууга тыюу салынган эле. Эми бул маселе чечилип, Айыл чарба министрлиги тарабынан мыйзам жүзүндө кат жөнөтүп, урусат алуу гана калгандыгын айтты.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...