Акыркы макалалар

Амангүл Кадырбаева: «Ар бир операциянын чоң жоопкерчилиги бар»

Амангүл Кадырбаева: «Ар бир операциянын чоң жоопкерчилиги бар»

Акыркы кездерде аялдар арасындагы оорулардын саны көбөйүүдө. Мындай көйгөйлөр энелердин дени сак балдарды төрөө жаатында орчундуу маселе болуп бара жатат. Бул туурасында Ысык-Көл областынын Ак-Суу райондук аймактык ооруканасынын гинекология бөлүмүнүн башчысы, жогорку категориядагы дарыгер, саламаттыкты сактоонун отличниги Амангүл Кадырбаева менен маектештик.

- Амангүл Сыртбаевна, аксуулуктар сизди колу жеңил мыкты дарыгер катары айтышаарын уктук. Көпчүлүктүн мындай урмат-сыйына татыктуу болуш үчүн далай тер төккөнүңүздү баамдап турам. Кандайча дарыгерлик кесипти тандап калдыңыз, эмгегиңиздин үзүрүн көрүүдөмүн деп айта аласызбы?

-Эмгегимдин үзүрүн көргөн жокмун деп айта албайм. Бала күнүмдөн дарыгер болсом деп ак эткенден так этип жүрүп ак халатчандардын катарына кошулганыма эч качан өкүнбөйм. Тескерисинче, атамдын тили менен экономисттик кесипке ээ болгонумда мынчалык ишимди сүйөт белем, анын жообун өзүм да билбейм. Тоң райондук борборлоштурулган ооруканасында өмүрүнүн дээрлик көпчүлүк жылдарын дарыгерлик кесипке жумшаган Социалисттик Эмгектин Баатыры Үмүткөр Рысмамбетованы мен кумир тутчумун. Үмүткөр эженин ажарлуу, жылдыздуу жүзү, мээримдүүлүгү, боорукерлиги, бир калыпта жүргөн токтоо мүнөзү секелек кыз болсом да мага өзгөчө таасир калтыраар эле. Мектептен тараарым менен классташ кыздарга кошулуп алып райондук Ардак тактада сүрөттөрү илинип турган эмгек алдыңкыларынан көзүмдү албай тирмийе тиктеп, «мен дагы ушулардай болсом» деп кыялданчумун. Ү.Рысмамбетованын жылмайып түшкөн сүрөтү дале көз алдымда. Мына ушундай кыялдарга жетеленип жүрүп, акыры көздөгөн ой-максатыма жеттим. Медициналык институтка кирүү сынагынан өтүп жатканымда «мен Ү.Рысмамбетовадай гинеколог-дарыгер болом», деп айтканым эсимде. Экзамен алып жаткан окутуучу менин өткүрлүгүмө аябай таң калган болчу.

- Менимче гинеколог-дарыгерлердин жоопкерчилиги өтө жогору болуш керек. Улам барган сайын аялдар арасындагы дарттардын түрлөрү да көбөйүүдө. Дарыгер катары оюңузду билсек деп бул суроону берип жатам, аялдар арасындагы оорулардын өсүшүнүн, алардын жашарышынын себептерине талдоо жүргүзөсүзбү?

- Өткөн совет мезгилинде аялдардын басымдуу бөлүгү, дээрлик баардыгы деп да айтсам жаңылбайм “синитроп”, “туринал” деген дарыларды колдонушчу. Бул дарылар киста, миома дарттарынын өсүшүнө, ал тургай күчөшүнө шарт түзөөрү илимий жактан изилденгенден бери колдонуудан чыкты. 2000-жылдан бери кыз-келиндерге бул дарылар берилбейт, дарыканаларда да сатылбайт. Буюрса, 2000-жылдан кийин төрөлгөн кыздар, аялдарды жабыркаткан киста, миома дарттарына чалдыгышпайт. Кыскасы, жогоруда аталган дарыларды сунуштап, аялдар арасында кездешүүчү дарттарды коопсуз айыктырганыбыз менен анын кан аркылуу өтүүчү терс жактары сөзсүз болоору ачыкка чыкты.

Эртең эне болуучу ар бир кыз өзүн таза алып жүрүшү керек, өздүк гигиенага өтө маани берүүлөрү зарыл. Ар бир аял жылына бир жолу гинеколог-дарыгерге кайрылып турууну унутпоолору шарт. «Бүгүн, эртең дарыгерге барам» дешип, жандарын кыйнаган дарттарына маани беришпеген, ооруларын күчөтүп жиберип анан бизге кайрылган аялдарды күндө кезиктирүүгө болот. Кисталары, миомалары чоңоюп кетсе да операция жасаттыруудан жаа бою качкан аялдар да бар. Ошондой эле жыныстык катнаш аркылуу жугуучу жугуштуу ооруларды өз убагында дарылатпагандар, же жашыруун элдик дарыгерлерге кайрылышкандар да жок эмес. Биринчи байлык ден соолук экендигин эч качан унутпашыбыз керек. «Ооруну жашырса өлүм ашкере кылат» деген сөздү көңүлүбүзгө түйө жүргөндөн эч зыян тартпайбыз.

- Амангүл Сыртбаевна, оор операцияларды жасоого туура келген учурлар болдубу? Кээ бир гинеколог-дарыгерлер операция жолу менен гана айыктыруучу дарттардын азыр коркунучу деле жок деп айтышат, сиз мындай пикирге кошуласызбы?

- Жогоруда айтканымдай, ар бир дартты алдын алуу керек. Мындан өткөн жеңил жол жок. Тилекке каршы, жатындарына жабышкан кисталарын, миомаларын 3,4 кг. салмакка жеткенге чейин көтөрүп жүргөндөрдүн, «ана, мына» деген шылтоолор менен дарыгерлерге кайрылбаган аялдардын бар экендиги бизди өкүндүрүүдө, ал тургай тынчсыздандырууда. Оорбу, жеңилби, операция жасатууга кирген ар бир аялдын өмүрү коркунучта болоорун дарыгерлер сөзсүз сезебиз. Мен үчүн ар бир операция жоопкерчиликтүү.

- Ар бир дарыгер өзүнүн кесиптик деңгээлин, билимин жогорулатып турушу шарт деп ойлойм. Заманбап медициналык жабдуулардын тилин билүү үчүн билим деңгээлиңизди көтөрүүгө кесиптик чеберчилигиңизди жогорулатууга сизге да мүмкүнчүлүк берилсе жок деп айтпайт болушуңуз керек?

- Устаттарыбыз, окуткан агай- эжейлерибиз канчалык мыкты болсо, шакирттер да алардан калышпоо үчүн жан үрөп иштээрин өз тажрыйбамдан улам билем деп айтаар элем. Медициналык институттагы А.Мүсүралиев, А.Ибраева ж.б. окутуучулардын берген билимдерин, айткан кеп-кеңештерин эч качан унутпайм. Быйыл жайында Казань шаарына барып эки жумалык курстан окуп келдим. Татарстанда жүргөн учурумда устат агай-эжейлеримдин бизге койгон катуу талаптарын эстедим. Чындыгында кесиптик чеберчилигибизди, билим деңгээлибизди көтөрүү аркылуу элге таанылабыз. Казань шаарынан мен лапараскопиялык операцияны кантип жасоону өздөштүрүп келдим. Муну дагы терең өздөштүрүп алсам кан чыгарбай, терини кеспей туруп лапараскоптикалык операцияларды жасамакчымын.

- Гинеколог-дарыгер, аял-эне катары кыз-келиндерге кандай кеңеш берээр элеңиз? Аялдар арасында көбүрөөк кездешип жаткан дарттарга тамак-аштардын, экологиянын тийгизген терс жактары барбы?

- Аялдар арасында соңку кездери жугуштуу оорулар көбүрөөк орунду ээлөөдө. Мунун себеби миграциянын өсүшү деп айтаар элем. Үй-бүлөлөрүнөн алыс жүргөн эркектер бел кумарларын басуу үчүн сойкуларга барышат, өздөрүн таза алып жүрбөгөн жеңил-желпи мүнөз күткөн кыз- келиндер менен жыныстык катнаш түзүшөт. Аялдардын жугуштуу дарттарга чалдыгышына экологиянын, тамак-аштардын терс жактары бар дегендерге кошулбайм. Жугуштуу оорулар бир гана жыныстык катнаш аркылуу жугат.

Кыз-келиндерге өздүк гигиенаны туура сактай билгиле, жеңил-желпи жашоо өрнөгүнөн качкыла, гинеколог-дарыгерлерге көрүнүп турууну унутпагыла деген кеңешимди берем. Ден соолугуна камкордук көрүү ар бир аялдын өз эркине жараша болот.

МАЕКТЕШКЕН ШЕЙШЕКАН ЖАНАЛИЕВА, ЫСЫК-КӨЛ

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...