Акыркы макалалар

Барак айылынын тургундары жаңы конушка көчүп келе баштады

Барак айылынын тургундары жаңы конушка көчүп келе баштады

Өзбекстандын аймагындагы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Барак айылынын жашоочулары жаңы конушка көчүп келе баштады. Барак айылынын тургундары президент А.Атамбаев менен жолуккан кезде Кыргызстандын аймагына жаңы айыл куруп, инфраструктурасын оңдоо үчүн 155 млн. сом бөлүнгөнүн айткан. Учурда Барактыктарга үй куруу үчүн бөлүнгөн 155 млн. сомдон ар бир үй-бүлөгө 200 миң сом ссуда катары берилип жатат. Жаңы конушка ээ болгон Барактыктар учурда үй салып баштады.

Мындан 3-4 ай мурун Барак айылынын эли үй курууга өкмөттөн ссуда берилбей жатат деп нааразы болуп жатышкан. Өкмөттүн Ош обулусундагы өкүлү Сооронбай Жээнбековдун айтымында, кийинки жумадан баштап Барактын жашоочуларына 200 миң сом ссуда бериле баштайт. Барактыктарга берилчү жаңы конуш Беш-үй деп аталып, ал Кара-Суу районунун Сары-Колот айыл өкмөтүндө жайгашкан. Беш-үй айылына азырынча таза суу, электр чубалгылары тартылып, ички-тышкы жолдору курулуп бүтө элек. Жалпысынан Беш-үй айылына 157 үй-бүлөгө турак жай куруу башкы планга киргизилген. Азырынча Кара-Суу архитектура башкармалыгынан 88 адамга жер участкалары көрсөтүлүп берилген.

-Ар бир үй курган 157 үй-бүлөгө ссуда берилет. Азыр өкмөткө 106 үй-бүлөнүн тизмесин бердик. Ким үй сала турган болсо, 50 миң сомдон бериле баштайт. 200 миң сом чынында аз, өкмөт андан ары бере албайт. Биринчи ошол 200 миң сомду алышсын, үй куруп башташсын, анан андан ары көрөбүз калганын. Барак айылы эң ыңгайлуу жерде жайгашкан, чек ара да, жабылып тура бербейт. Эл ал жерди таштап кетпейт, бул жакта да, Баракта да кирип чыгып жашай берет.

Барак айылынын тургуну Абдраим Субанов жаңыдан курулуп жаткан Беш-үй айылына азыр үй салып баштады. Быйылча үйдүн пайдубалын тургузуп койсо, кийинки жылы толук бүтүрүп жашай баштайт. Ал өкмөт берген 200 миң сомду бир үй тургузууга жетпейт дейт, бирок жарым-жартылай жардам болсо, калганын өздөрү бүткөрүп аларын айтат.

-Ушул жумада 50 миң сом ссуда пайдубалын курууга берилет деп атат. Ал албетте жетпейт, бирок аз да болсо, жардам берсе, калганын өзүбүз салабыз. Барактагы жүгөрүнү кайрыйбыз, аны бул жакка алып чыга албай турабыз. Анын ӨКМ алып чыгып берет. Бир жумада бир жолу кирип чыгасын Баракка. Оорулуулар бар. Менин 85ке чыккан апам бар, үйдү батыраак бүтүрүп келээрки жылы бул жакка алып келейин деп жатам.

Жаңыдан курулуп баштаган Беш-үй айылына ичүүчү суу тартып келүү, электр чубалгыларын туташтыруу жана жол куруу иштери облустук капиталдык курулуш башкармалыгына тапшырылган. Башкармалыктын башчысы Асилбек Жамшитовдун айтымына караганда, айылдын инфраструктурасын түзүү боюнча берилген тапшырмалар аткарылууда.

-Азыркы күндө биз Сары-Колот айыл өкмөтүндөгү Беш-үй айылы үчүн биз 30 млн. сом алдык. Жол курулуш, электр тогун тартууга жана таза суу тартуу боюнча иштер жүрүп жатат. 1,5 кмге шагыл төгүлүп бүттү. Куршаб дарыясынын жанына суу кампасы курулуп жатат. Биз ошол таза суу келчү линиядагы бардык айылдарды кошуп жатабыз, суу кампаны куруп баштадык, азыр 50 метр тереңдикте казып коюшту.

Кара-Суу районунун Барак айылы Өзбекстандын Коргон-Төбө жана Жалал-Кудук райондорунун ортосунда жайгашып, мамлекеттик чек арадан 2 км алыс жайгашкан. Мурун бул айылда 153 кожолукта 728 адам жашаган болсо, учурда 27 кожолукта 126 адам жашап жатат. Алардын карамагындагы жалпы 209 гектар жердин 170 гектар жери сугат айдоо жери болуп эсептелет. Быйыл суу тартыштыгына байланыштуу Барактыктар аз түшүм алышкан. Өкмөттүн Ош обулусунун өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, быйыл Барактык жашоочуларга кышка карата 81 тонна көмүр, 2,5 тонна ак май жана 20 тонна ун жөнөтүлөт.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...