Акыркы макалалар

Быйыл да Жогорку Кеңештин 8 депутаты ажы болушту

КРнын Жогорку Кеңешинин дагы 8 депутаты быйыл мусулмандардын ыйык Мекке шаарына барышып, ажылык парзынын аткарып келишти. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу айтты.

“Кудайдын кулагы сүйүнсүн, акыркы кезде Жогорку Кеңеште көптөгөн жакшы иштер болууда. Кечээ-бүгүн ыйык Мекке шаарынан дагы 8 депутатыбыз мусулманчылык парзын аткарышып, ажы болуп келишти. Эми аппаратта иштеген жана башка кызматкерлерди кошкондо парламентте ажылардын жалпы саны 31ге жетти”,- деди Турсунбай Бакир уулу.

Белгилей кетүүчү жагдай, былтыр ажы-депутаттардын демилгеси жана талабы менен Ак үйдө намазкана ачылган. Депутаттар намазкана ачуунун зарылчылыгын күн сайын, өзгөчө жума күндөрү борбордук мечитке барып намаз окуп, көп убара болуп жатышкандыгы менен түшүндүрүшкөн.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...