Акыркы макалалар

Жылдын мыкты мугалими өйдө жактын чалуулары менен аныкталабы?

Жылдын мыкты мугалими өйдө жактын чалуулары менен аныкталабы?

“Кабар даамында” программасынын бул чыгарылышында “Мыкты мугалим-өзү ким?” деген темада маек болду. Маекке республиканын быйылкы жылынын мыкты мугалими, Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы №69-мектептин химия сабагынын окутуучусу Калийпа Айдаралиева жана сынактын калыстар тобунун төрагасы, КРнын билим берүү академиясынын президенти Абакир Мамытов катышты.

-Канча жылдык иш тажрыйбаңыздын негизинде мыкты мугалим аталдыңыз жана мыктылыкка кандай жолдор менен ээ болдуңуз?

Калийпа Айдаралиева: "Менин жалпы эмгек стажым 23 жылдык. Ал кездеги Фрунзе кыз-келиндер педагогикалык институтун аяктагандан тарта, мугалимдик кесипти аркалап келем. Бул ийгиликке бир күндүк эмес, көптөгөн иш аракетимдин акыбети менен жеттим. Жыл сайын тажрыйбамды топтоп, ушул күнгө чейин сынактарга катышып келгем. Бирок, бул сынак мен үчүн өзгөчө мааниге ээ."

-Сиз менен бирге “Жылдын мыкты мугалими” деген наамга 6 жылдык эмгек стажы бар мугалим ээ болду. 6 жыл менен 23 жылдын айырмачылыгы өтө чоң. Сиздин баамыңызда, мугалимдин эмгеги туура бааландыбы?

Калийпа Айдаралиева: "Негизинен 3 жылдык тажрыйбасы барларды жаш мугалим деп эсептейбиз. Андан кийинкилер катардагы мугалимдерге кирет. Эми ал мугалим деле 6 жыл ичинде көп нерселерди топтой алды деп санайм. Ага эч кандай туура эмес ойдо эмесмин. Аны тажрыйба топтоонун үстүндө көп аракеттенген деп эсептейм. Анткен менен, мен өзүмдү ал мугалимге караганда тажрыйбалуураак деп санаймын."

-“Жылдын мыкты мугалими” иш-чарасы мугалимдик кесиптин ээсин толук түрдө чыгара алат дейсизби?

Абакир Мамытов: "Мен сынакты ушундай иш-чаралардын бири деп айтам. Бул сынак көпчүлүк өлкөлөргө мүнөздүү иш-чара. Демек, бирден-бир олуттуу сынактардын бири десек болот."

-Быйылкы сынакка жалпысынан 10 мугалим катышты. Жалпы республикага бул аздык кылбайбы?

Абакир Мамытов: "Тажрыйбасына карай топ-топко бөлүп өтсө деле болот. Бирок, маселе уюштуруу жана каржылоодо. Бул сынак чоң каражатты талап кылат. Мүмкүн дагы сунуштар болуп өзгөрөр. 2 жылда бир КМШ өлкөлөрүнүн билим берүү кызматкерлеринин съезди болуп турат. Съезд ар кайсыл мамлекетте өтөт. Менин жеке пикиримде, жылдын мыкты мугалими сөзсүз ушул съездге катышуусу зарыл. Бизде болсо мыктыларды аныктап, сыйлык берип коёбуз. Ал эми ушундай съездерге таптакыр башка мугалимдер катышат. Мен кийинки боло турган съездерге жылдын мугалими катышсын деген сунушту расмий түрдө бердим."

-Быйыл 2 мугалим “Жылдын мыкты мугалими” болуп аныкталды. Эмне үчүн экөө биринчи орунга ээ болду жана алардын башка сегизинен айырмачылыгы эмнеде болду?

Абакир Мамытов: "Бул эки мугалим сынактын башка катышуучуларынан айырмачылыгы сабакты мыкты өткөндүгүндө демекчимин. Менин баамымда сабак өтүүдө мыктынын мыктысы тандалып калат экен. Башында 2 катышуучу мыкты деп аталат делген эмес. Бирок, бул мугалимдердин деңгээли бирдей эле экен. Айырма 0,4 балл болуп калды. Калийпа айым жогорураак балл алды. Матемикалык эсептөөгө келгенде 0,5 ке чейин тегеректөөгө мүмкүн да, ошондуктан 2 мугалим 1-орунга татыды."

- Калийпа эже, сиздердин башка мугалимдерден айырмачылыктарыңыз, сабакты өтүүдө экен. Сиздин сабак өтүү ыкмаңыздын өзгөчүлүгү эмнеде?

Калийпа Айдаралиева: "Сабак өтүүдө сөзсүз балдарга мотив жаратуудан баштайм. Качан окуучуда ошол сабакты бүгүн эмне үчүн окушум керек, андан эмне алам деген суроо жаралганда, анда сабакка болгон кызыгуу жаралат. Менин сабагым химия болгондуктан, мен сабакты практика жүзүндө көрсөтүүгө аракет кылам. Көрсөтмө каражаттарын колдонууну да унутпайм."

-Сиз алты жылдан бери калыстар тобунда төрагалык кылып келе жаткан соң, биринчиликти берип кой деген кайрылуулар болбой койбосо керек?

Абакир Мамытов: "Алгачкы жылдары өйдө жактан телефон чалуулар көп болчу. Менин тууганым эле, таанышым эле орун алсын деген сыяктуу билдирүүлөр жасалчу. Бара-бара ачыктык менен бул кайрылуулардын саны азайып жатат. Бирок, токтоп калды деп айтпайм. Мен төрага катары жалгыз эч нерсе кыла албайм. Анда менден тышкары 12 адам отурат. Менин милдетим сынакты уюштуруп, жыйынтыгын так санап, оперативдүү жыйынтыкты чыгаруу. Ал эми телефон чалууларга “колуман келбейт” деймин, алар “карап кой” дешет. Мен “макул”деген жоопту берем да, өз ишимди аткара беремин."

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...