Акыркы макалалар

Башкы редактор чоң көлөмдөгү баңгизат менен кармалды

Башкы редактор чоң көлөмдөгү баңгизат менен кармалды

“Чыйыр” гезитинин башкы редактору жана “ Акыйкат” саясий партиясынын мүчөсү чоң көлөмдөгү баңгизат менен Акылбек Атабаев кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун өкүлү Эрнис Осмонбаев билдирди. Маалыматка караганда, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы башкармалыктын кызматкерлери 10 килограммга жакын героин, 10 килограмм 400 грамм гашишти 15-октябрь күнү түндө өз үйүнө киргизип жатканда, Атабаевди колго түшүрүшкөн. Ошондой эле анын бир канча жылдан бери баңгизатын сатуу менен алектенип, кылмыштуу топтору менен байланышта болгону да айтылууда.

Белгилей кетсек, кармалган жарандын аты-жөнү жана кызматы министрлик тараптан айтылган эмес. ЖМК аркылуу элге тараган соң, ведомство кылмышка шектүүнүн өздүгүн тастыктады.

Журналисттер бирикмесинин төрагасы Марат Токоев, так маалымат жок болгондуктан алдын ала кандайдыр бир билдирүү жасоо туура эмес болуп каларын, бирок мындай аракеттер журналистикалык ишмердүүлүккө эмес, ар бир адамдын өзүнө байланыштуу болушу керек деген оюн айтты.

Учурда бул факт боюнча КР КК 247-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...