Акыркы макалалар

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборуна канды тазалоочу гемодиализ аппараты тапшырылды

Бүгүн, 29-октябрда, "Ансамбль Мурас" коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министирлигинин Эне жана баланы коргоо борборуна Германия мамлекетинен сатып алынып келген заманбап гемодиализ аппаратын кайрымдуулук иретинде колдонууга тапшырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Тапшырылган аппаратка Борбордо даарыланып жаткан 6 адам, алардын көбү өспүрүм балдар бекер кан тазалоо процедурасын алып турмакчы.

Канды тазалоочу гемодиализ аппаратын фонддун жетекчиси Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, композитор жана музыкант Актан Исабаев тапшырды. Аппарат депутат Дастан Бекешевдин көмөктөшүүсү менен алынды. Кайрымдуулук сертификатты саламаттык мактоо министринин орун басары Марат Калиев кабыл алып, фонддун жетекчиси Актан Исабаев менен депутат Дастан Бекешевге терең ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары, Борбордо дарыланып жаткан балдарды фонддун такай шериктеши болгон "Куликовский" кондитердик үйү таттуу белек тартуулады.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...