Акыркы макалалар

Ошто маданият кызматкерлеринин күнү белгиленди

2-ноябрь маданият кызматкерлер күнүнө карата, бүгүн, 30-октябрда Ош шаарында эмгектенип келе жаткан маданият кызматкерлер күнү белгиленди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Анда шаардык мэриянын жетекчилери алардын майрамдык күнү менен куттукташып, шаар элине кылган кызматтары баа жеткис экендигин белгилешти.

“Экономикасы жок болуп туруп, жашап келе жаткан мамлекеттер деле бар. Бирок маданияты жок мамлекет болуу кыйын. Ошондуктан мамлекетти, анын ичинде Ош шаарынын да өсүп өнүгүүсүнө маданият кызматкерлеринин салымы чоң. Аны эске алып, Ош шаарынын мэриясы да четте карап турбастан, маданият кызматкерлерин ар тараптан колдоп келүүдө. Атап айта турган болсок, мэрдин колдоосу менен Токтогул эс алуу багына сүрөтчүлөрдүн эмгектерин элге жеткирүү үчүн сүрөт галереясын ачып берди. Мындан сырткары, мэрдин жеке каражатынан эң мыкты сүрөт эмгектерин сатып алып, тарых-музейине өткөрүп берди”, - деди вице-мэр Иличбек Эргешов.

Ошондой эле, мыкты маданият кызматкерлерине Ош шаарынын ардак грамотасын, баалуу белектерин тапшырды.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...